Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:09

Евробиримдик орток турумду иштеп чыкты


Франциянын президенти Никола Саркозинин айтымында, Европа Биримдигинин лидерлери келээрки аптада Вашингтондо боло турган антикризистик саммиттин ирегесинде каржы саясаты боюнча өздөрүнүн орток турумун иштеп чыгууга жетишти. Кечээ (7-ноябрда) Брүсселде өткөн кеңешмеде Евробиримдиктин 27 мүчө өлкөсүнүн жетекчилери Эл аралык валюта корунун ыйгарым укуктарын кеңейтүү, каржы базарларын байкап туруу үчүн кошумча механизмдерди иштеп чыгуу сыяктуу сунуштарды колдоого алышты.

15-ноябрда Вашингтондо өткөрүлөөрү белгиленген саммитке өтө өнүккөн 20 мамлекеттин башчылары чогулуп, учурдагы каржылык кризистен чыгуунун жолдорун талкуу кылаары күтүлүүдө. Евробиримдик лидерлери келээрки жаз мезгилинде да ушундай эле ири саммит өткөрүп, ага чейин жүзөгө ашырыла турган чаралардын натыйжалуулугуна баа берүүнү сунуш кылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG