Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:34

Б.Обама: АКШнын Чыгыш Европадагы планы ишке ашырылат


АКШнын Чыгыш Европада ракетадан коргонуу системасын куруу пландары ишке ашырылат. Бул тууралуу АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама Польшанын президенти Лех Качинский менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда айтты. Польша президентинин администрациясынын маалыматына ылайык, Качинский менен сүйлөшүүдө Барак Обама АКШ менен Польша ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын маанисин баса белгилеген. АКШ ракета атып түшүргүч он системаны Польшада, Чехияда радар системасын жайгаштырууну пландаштырууда. АКШнын бул пландарына расмий Москва караманча каршы болуп келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG