Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Электр жарыгы көйгөйү, сөз эркиндигинин торолушу


“Эл үнүнө” бул жолу кайрылган угармандарыбыз сөз эркиндигинин абалына капа болушуп, энергетикалык кризис, кыштын да кирип келип калганын, суу сактагычтардагы суулардын дале аз болуп жатканын айтышты.

Талас шаарынын тургуну Данил Акжолов “Эл үнүнө” кайрылып, бүгүнкү кыйла чиновниктер, бийлик бутактарында отургандар “бөрк ал десе баш алып” жатышканын, мурда СССР учурунда да чыгып келген, Аскар Акаевдин учурунда да үнү өчпөгөн “Азаттык” үн алгысын эл уга албай калышканын, буга абдан капа болуп жатканын билдирди.

“Муну мен бийликтегилердин сөз эркиндигине бут тосуусу катары баалайм. Мен эмес элдин көбү бейтарап, акыйкат маалыматы жок кыйналып калышты. Эгер туура маалымат болбосо элдер ар кандай кадамдарга баруулары мүмкүн”,- дейт Данил Акжолов.

“Азаттыктын” теле долбоорлору да чыкпай, радио уктуруулары да угулбай калганын сындаган угарманыбыз, мындай кысым “Де-факто”, “Алиби” гезиттерине да болуп келгенин, акыры аларды жаап тынышканын, дале мындай саясат уланып келатканын баяндады.

Ал эми ардагер журналист Шаабай Шатманов совет учурундагы журналистиканы жана сөз эркиндиги тууралуу мындайча эскерет:

- Биз мурда бирөөнү мактап жазсак, анда мактап жазган кишибиз баатыр болчу, сыйланчу, эгер жамандап жазсак аларды партиядан чыгарып кетишчү. Бирок маалымат туура, текшерилген болушу керек эле. Эми азыр баары тең эле жазат, жамандайт же мактайт, бирок анын натыйжасы жок, эч ким көңүл бурбайт.

Угармандарыбыздын сөз эркиндиги жана дегеле маалымат каражаттарынын абалы тууралуу тынчсызданууларына Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана маалыматтык саясат комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов жооп берип, чынында бүгүнкү күнү эркин журналисттердин жашоосу оорлогонун, бул жаатта көптөгөн чечилбеген маселелер бар экендигин айтты. Анын айтымында, бүгүнкү күнү сөз эркиндиги, маалыматты элге ачык айтуу, чындыкты ачык айтуу да кыйынга туруп калды.

“Буга жакында эле жабылган “Де-факто” гезити, “Ачык саясат”, “Аалам” сыяктуу гезиттерге кысымдар, жеке журналисттерге кысымдар мисал боло алат. Жакында эле “Дело №” гезитинин кабарчысы В.Ночевкинди коопсуздук кызматына чакырып, кысым кылып атышат. Ошондуктан бийлик чындыктан коркуп, элди маңкуртка айлантууга, караңгыга түртүүгө аракет кылып атканы белгилүү болуп калды”,- дейт ал. Андан тышкары И.Өмүркулов бийлик системасы өзгөрмөйүн сөз эркиндигин кысмакка алуу улана берерин айтат.

Дагы бир угарманыбыз Жакып Төлөгөнов, “Кыргызстан энергетикалык кризистин алдында турат”,- деп тынчсызданып, буга чейин совет учурунда электр энергиясы дайыма жетиштүү болуп келгенин, бүгүн бул тармакты азыркы жетекилер кейиштүү абалга жеткиришкенин, мурда эч суусу азайбаган Токтогул суу сактагычындагы сууну чиновниктер бир жылдын ичинде азайуусуна жол беришкенин, андыктан “суу сатылып кеткен” деген сөздөргө эл эбак ишенип, бийликке капа болуп жатышканын билдирди.

“Сууну сатып жиберишкен деген сөздөр чын окшойт. Антпесе бир жыл ичинде ошончо суу кайда кетмек эле. Аны ачып туруп, агызып жиберишти окшой, өздүк кызыкчылыктарын көздөп. Биз ушуга капабыз”,- дейт Жакып Төлөгөнов.

Нарын облусунун тургундары да электр энергиясына байланышкан көйгөйлөрүн айтып, “Эл үнүнө” кайрылышты. Көбүнчө Нарын шаарынын тургундары, электр энергиясын колдонгондугу көрсөтүлгөн кагаздар туура эмес толтурулуп келип жатканын, текшерүүчүлөр туура карашпай, төлөмдөрдү көбөйтүп жиберип жатышканын айтышат.
XS
SM
MD
LG