Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Укук коргоочу Кулешов акциясын улантат


Укук коргоочу Максим Кулешов бүгүн “Мурат, сөз эркиндигине тийишпе!” акциясын улантат. “Демократиянын көчө сабактарынын” уюштуруучусу катары белгилүү укук коргоочу ушундай чакырык менен 7-ноябрда Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдына чыккан. Муну укук коргоочу “Дело №” гезитинин кабарчысы Вадим Ночевкинге байланыштырууда. 5-ноябрда кабарчы энергетика боюнча туура эмес маалымат таратты деген негиз менен коопсуздук комитетинин сурагына чакырылган. Журналисттин чакырылышынан улам Жогорку Кеңештин сессиясында демократтар фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов КМК эмне менен алектенип жаткандыгын териштирүүнү парламентке сунуш кылган. (BuS)

XS
SM
MD
LG