Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Орусиялык «Нерпа» атомдук кемесиндеги кырсыкта 20 киши мерт болду


Суу асты менен жүрүүчү Орусиялык «Нерпа» атомдук кемесинде кырсык болуп, 20 адам каза тапты. 21ден ашык киши жабыркады. Расмий маалыматта атомдук кеменин эки бөлүгүнөн өрт өчүрүү системасы капыстан иштеп кетип, ортодогу эшиктери жабылып калган бөлүктөрдүн ичине фреон заты толуп кеткен. Ал адамдардын өлүмүнө жана жабыркашына алып келген. Орусия аскерий деңиз флотунун өкүлү Игорь Дыгало кеме бүтүн калды жана ал өз алдынча жүрө алат деп билдирди. Орусиянын башкы прокуратурасы аскердик кемени пайдаланууда жана айдоодо эреже бузулду деп, кылмыш ишин козгоду. Атомдук кеме 208 киши менен Тынч океанын аймагындагы Жапон деңизинде сыноо жүргүзүп жаткан. Алардын 81и аскер кызматындагылар болгон.

XS
SM
MD
LG