Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Президент К.Бакиев 20-ноябрга чейин Кыргызстанга келет


Өлкө башчысынын дарылануусу ийгиликтүү аяктап баратканын президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов бүгүн администрациянын бөлүм башчылары менен болгон жолугушууда билдирди. Ал ошондой эле өлкө башчысы чет мамлекетте жүрсө дагы активдүү ишин улантып жатканын, 7-ноябрда айыл, суу чарба, жана кайра иштетүү министри Арстанбек Ногоев, экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров менен жумушчу жолугушуусун өткөргөнүн кошумчалады. Жолугушууда 4-6-ноябрда Берлинде өткөн экономикалык конференциянын жыйынтыгы, тиешелүү ведомостволордун иш пландарынын аткарылышы тууралуу президентке маалымдалган. Берлиндеги экономикалык конференцияга Кыргызстандын өкүлдөрү Германиянын федералдык өкмөтүнүн жана ЕККУ, ЭКӨУнун чакыруусу менен барышкан. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG