Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:07

Бишкекте коомдук саламаттык сактоону реформалоо боюнча иш чара өтүүдө


Коомдук саламаттык сактоону реформалоо жана санэпидкызматтын аткарган иштерине байланыштуу өтүп жаткан жаңы көз карандысыз мамлекеттердин Бишкекте бүгүн башталган саясий баарлашуусунда жугуштуу оорулар, экологиялык факторлордун ден-соолукка тийгизген терс жактары, өзгөчө кырдаалдар, дем алуу органдарынын оорусу, сыныктар сыяктуу маселелер талкууланууда. Ошондой эле калк арасында медико-санитардык кызмат кылуунун максат менен багыттары, саламаттык сактоо жаатындагы көйгөйлөр боюнча мониторинг, ден-соолукту чыңдоодо жана ооруларга профилактика жүргүзүүдө мамлекеттер аралык биргелешип аракет кылуу маселеси да козголот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG