Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

Башкаруучулардын жаңы муунун калыптоо зарыл


Мындай пикирин вице-премьер-министр Элмира Ибраимова бүгүн жаштар күнүнө карата уюштурулган жыйында билдирди. Э. Ибраимова көбүнчө улуу муун, жаштарды “баласынтып”, аларга акыл-насаат үйрөткөндү жакшы көрөөрүн, мындай көрүнүш менталиттен улам болуп жатканын белгилеп өттү. Кээ бир жаштар болсо тескерисинче, жигердүү болбой, мамлекетти, коомду алардын көйгөйлөрүн чечүүгө милдеткер катары кабылдаарын айтты. Кыргызстанда демилге көтөрүп, аны аткаруу жоопкерчилигин алууга даяр жаштар бар, бирок алардын демилгелери коомдо колдоо таппай калып жатат. Ошондуктан жаштар саясатын жүргүзүүдө жаңы принциптер керек, дейт Э. Ибраимова. Эң оболу билим берүү системасы өзгөртүүлөргө муктаждыгын, анткени ал азыркы эмгек рыногунун шартына төп келбей, окуу жай бүтүрүүчүлөрү дээрлик көпчүлүгү жумушсуз калып жатканына көңүл бурду. (EBM)

XS
SM
MD
LG