Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Шаарга келген жаштардын 90 пайызы айлына кайтпайт


Ат-Башыдагы Ак-Муз айлындагы “Жетиген” аттуу жаштардын демилгелүү тобунун лидери Байыш Абдыбеков “Азаттыктагы” маегинде жаштарды мамлекет колдобой жатканын баса белгиледи. Жумушсуздуктун айынан Ат-Башыда жаштар дээрлик калбай калганын айтты. Шаарга окууга келип, андан ары чет мамлекетке иш издеп кеткен жаштардын баары айлына кайтпай жатканына токтолду. Айылда калган азыноолок жаштар биригип, эл аралык уюмдарга долбоор жазып, элдерге жардам берип жатканын маалымдады. “Жетиген” жаштардын демилгелүү тобу көбүн эсе кары-картаң, колунда жокторго жардам берүү үчүн уюшкан, дейт Б. Абдыбеков. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG