Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Карзай Обамага талап койду


Барак Обаманы шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, президент Хамид Карзай андан Ооганстандагы уруштун тактикасын өзгөртүүнү талап кылды.

АКШда Барак Обама шайлоодогу жеңишин белгилеп жаткан күнү, б.а. 5-ноябрда Ооганстандын түштүгүндө Кандагар провинциясында америкалык аскери авиация жергиликтүү кыштактардын бирин бомбалап, жайкын калк арасынан кырктай киши мерт кетти, ондогон адамдар жарадар болду. Анын соңунан түндүк-батыштагы Бадгис провинциясында да ушундай эле операциядан он чакты кишинин өмүрү кыйылды.

Кабулда маалымат жыйынын өткөрүп,президент Хамид Карзай адегенде Барак Обаманы жеңиши менен куттуктады. Ошол эле замат андан ооган кыштактарында террорго каршы согушту тезинен токтотууну талап кылды. Мындай операциялар тероорчуларды финансылап, аларга сыйынт берип жаткан жерлерде өткөрүлүшү керек. Ооганстан, Карзайдын айтымында, андай жер эмес.

Ооган парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Шукриа Баракзай да бул пикирди колдоду. Терроризмге каршы Ооганстан менен Пакистанда улантып жаткан урушта америкалыктар утуп чыгарына ал ишенбейт, мындан көрө алар “терроризм” жана “террочулар” деген түшүнүктөрдү так аныктап алышса дурус болмок.

АКШда шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Барак Обама Ирактан аскерлерди он алты айдын ичинде чыгарып, алардын көбүн Ооганстанга которгонго, мунун аркасында бул жерде “ал-каидачылар” менен талиптердин тамырын кыркканга сөз берген эле. Бирок байкоочулар контингентти көбөйтүү менен ооган проблемасын чечкенге болбойт, бул үчүн уруштун тактикасын, алтургай стратегиясын өзгөртүү керек дешет. Пакистандык журналист жана аналитик Ахмед Рашид бул жерде регионалдык саясат зарыл, ага Пакистан менен Оооганстандын тышкары Иран, Индия, борборазиялык беш өлкө тартылышы керек деп эсептейт.

Кабулдук көз карандысыз эксперт Вахид Мужда АКШнын азыркы администрациясы көп каталыктарды кетиргени чын дейт. Ошол эле учурда ал Ак үйгө жаңы киши келгенде бул кырдаалды кандайча кылып майнаптуу пайдаланса болот, бул көп жагынан ооган жетекчилерине да багыныңкы иш экенин эскертти. Ооган жетекчилери болсо азырынча чөнтөктөрүн кампыйтканды гана ойлошот. Келерки жылы президенттик шайлоодо жаңы лидер келсе гана оогандыктар АКШда өзгөргөн кырдаалды өз кызыкчылыктарына пайдалана алышы мүмкүн.

Келерки жылдагы президенттик шайлоо Ооганстанда абалды ого бетер курчутат деген түпөйүл божомолдор көп. Карзайдын өкмөтүн алмаштыруунү көздөгөн күчтөр да аз эмес. Обаманын Ооганстан боюнча мөлчөрлөгөн пландары көп жагынан Кабулдун өзүндө кандай өзгөрүүлөр болот, ушуга жараша чечилет өңдөнөт.

XS
SM
MD
LG