Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

М.Кулешов менен К.Самаковду милиция кызматкерлери кармап кетти


Укук коргоочу Максим Кулешов жана "Жашылдар" партиясынын жаштар канатынын лидери Каныбек Самаковду Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишти. Бул тууралуу укук коргоочу Максим Кулешов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Самаков экөө Улуттук коопсуздук комитетинен журналист Ночевкинге кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылган жана аталган комитеттин жетекчиси Мурат Суталиновдун мектепте окутуу мөөнөтүн 11-класстан 6-7-класска чейин кыскартуу сунушуна каршы болушуп УКМКнын жанында шаар тургундарынан кол чогултуп жатышкан. Буга чейин М.Кулешов “Мурат, сөз эркиндигине тийишпе!” акциясын улантаарын кабарлаган эле. (AJ)

XS
SM
MD
LG