Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

Евробиримдик-Россия сүйлөшүүлөрү кайра уланат


Британия жана Швеция Евробиримдик-Россия ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын жаңы келишими боюнча сүйлөшүүнү улантууну колдошту. Сүйлөшүү сентябрда Россиянын Грузияга басып кирүүсүнөн кийин токтотулган. Британ жана швед өкмөттөрү дүйшөмбү күнү жарыялаган билдирүүдө «Россия менен иштешүү зарыл жана керек», энергия, климаттын өзгөрүүсү жана соода маселелерине прагматикалык мамиле жасоо зарыл экени белгиленет.

Британия жана Швеция бүгүн Евробиримдик-Россия арасындагы өз ара кызмаитташтыктын жаңы келишими боюнча сүйлөшүүнү колдошту. Мындай билдирүүнү эки өлкөнүн өкмөттөрү Евробиримдиктин Тышкы иштер министрлеринин Брюсселде ачылган жыйынына удаа жасашты.

Жалпы баалулуктарга негизделген толук мазмундуу стратегиялык кызматташуу жөнүндө эмес, эки тарапты кызыктырган гана маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөрү белгиленет дипломаттык тилде жазылган билдирүүдө.

Ройтерс агенттигинин маалымдашынча, Францияда 14-ноябрда өтчү Евробримдик-Россия саммитин сүйлөшүүнү ырасмий түрдө кайра улантууга жол ачат.

Сүйлөшүү россиялык аскерлер августа Грузияга басып киргенден улам токтотулган.

Биримдиктин Тышкы саясат жана коопсуздук боюнча башчысы Хавьер Солана бүгүн Брюселлде: Россия жана Евробиримдик аралык келишимди уюмга мүчө бардык өлкөлөр колдошу керек, деп билдирди:

-Пайдубалы бекем Россия менен мамиле күтүү-эларалык коомчулук жана Европа Биримдиги үчүн жакшы. Бул уюмдан тышкы деңгээлде мамиле түзгөндөн жакшы. Бул деген, биз ишти эч нерсе болбогондой эле уланта берерибизди билдирет. Бул демедегидей мамиле болбойт.

Евробиримдик-Россия арасындагы сүйлөшүүлөрдү улантууга Польша жана Литва каршы болуп жаткан. Алардын ырасташынча, Россия Грузия менен ок атышууларды токтотуу боюнча Биримдиктин арачылыгы менен жетишилген макулдашуунун шартын аткарган жок. Ошондуктан, стратегиялык кызматташуунун жаңы келишими боюнча сүйлөшүү улантылбаш керек.

Бирок, Евробримдиктин сүйлөшүүнү улантуу укугуна уюмдун бир да мүчөсү вето жарыялай албасы анык болгондон кийин, Литвада макул дегенден башка чарасы калбаганын атын атабоону сураган литвалык дипломат Ройтерске түшүндүргөн.

Бул маселени Биримдикке мүчө 27 өлкөнүн Тышкы иштер министрлери бүгүн Брюсселде талкуулашууда.

XS
SM
MD
LG