Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Элдик курултай эски аянтта өтүшү мүмкүн


Быйыл жазындагы Элдик курултайдын талаптарын бийлик көңүл сыртында калтырды
Быйыл жазындагы Элдик курултайдын талаптарын бийлик көңүл сыртында калтырды

“Акыйкат үчүн” кыймылы 25-ноябрга белгиленген Элдик курултайды 29-ноябрга которду. Ага бул жыйынга аймактардан келүүчү көпчүлүк делегаттардын өтүнүчү себеп болгону айтылууда.

“Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 25-ноябрь иш күнүнө туш келгендиктен адамдардын жумушуна тоскоол болушу мүмкүн. Ошондуктан бул саясий иш-чараны ишемби, 29-ноябрга жылдыруу чечими кабыл алынды.

Ошол эле учурда мындай жылдырууга сын көз менен карагандар да жок эмес. Маселен, саясат таануучу Орозбек Молдалиев элдик курултайдын күнүнүн которулушу оппозициянын уюштуруучулугунда мүчүлүштүктөр бар экенин кабарлап турат деген пикирде:

- Бир күндү белгилеп алып, анан аны улам которгондун өзү деле көп нерсени айтат. Өздөрү мурдатан макулдашпай айтып койгондугунан да болсо керек. Облусттарда деле оппозициянын таянычы анча көп эмес. Бул оппозициянын күнөөсү эмес, негизи эле эл ичинде ушундай маанай байкалып жатат.

“Акыйкат үчүн” кыймылы курултайды Спорт сарайында өткөрүүнү пландаштырууда. Бирок төрт-беш миңге чукул адам бата турган бул имаратта курултайды өткөрүүгө бийлик уруксат берээр-бербеси азырынча белгисиз. “Эгер Спорт сарайынын имаратына уруксат берилбесе, анда эски аянатта өткөрөбүз. Бирок анда 4-5 миң эмес, 10 минге чукул адам келет”, - дейт курултайды уюштуруп жаткандардын бири Алиекбек Жекшенкулов.

Акыркы жылдарда Бишкекте оппозиция тарабынан уюштурулган нааразылык чаралары бир канча жолу күч менен таратылды


Ал эми “Ак жол” фракциясынын депутаты Бегалы Наргозуев курултайды өткөрүү боюнча бийлик тараптан эч тоскоолдук болбойт деп эсептейт:

- Азыркы саясий абалды баалап туруп айтаар элем, бийлик элден тескери таасир албашы үчүн жасалма тоскоолдуктарга барбайт.

Азырынча кайсы жерде өтөөрү белгисиз болуп жаткан Элдик курултайдын күн тартибинде Кыргызстандын саясий системасынын жаңы концепциясын, энергетикалык кризистин себептерин талкуулоо маселелери турат.

Кыймылдын алгачкы курултайы былтыр 12-апрелде өтүп, анда оппозиция өкүлдөрү бийликке бир топ талаптарды койгон. Алардын бири - энергетика объектилерин менчиктештирүүнү, оппозицияны куугунтуктоону токтотуу. Бирок ушул жана башка талаптар бийлик башындагылардын көңүл сыртында кала бергендиги айтылууда.

Саясий талдоочу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, оппозициялык күчтөрдүн бийликке үнүн жеткизүү боюнча буга чейинки аракеттери майнапсыз, айрым учурда ийгиликсиз болуп келгендиктен коомчулукта аларга ишеним да бөксөрүп калганы байкалууда:

-Ойлонулбаган, артында негизи жок убадаларды берип жатып оппозиция элди өзүнөн бир аз алыстатып алды. Меморандумга кол койгондон кийин оппозиция кандай кадамдарга бара тургандыгы азырынча белгисиз.

Ноябрдын башында бир катар саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү тилектештик меморандумуна кол коюшкан эле. Мындай документке кол коюлганы менен оппозициянын ичинде бирдиктүү идея жок болуп жаткандыктан, кеч күзгө белгиленип жаткан иш-чаралар элдин жоон тобунун колдоосуна ээ болоору арсар. Мындай пикирин “Азаттыкка” депутат Бегалы Наргозуев билдирди:

- Бир топ оппозициялык күчтөр күпүлдөп жатышканы менен уюшкан, болоттой бекем оппозиция жок бизде. Идея үчүн күрөшкөн оппозиция өкүлдөрүн колдун манжасы менен санаса болот.

Ал эми СДП фракциясынын депутаты Мурат Жураев оппозиция бийликти сындаганды эле билет деген сын-пикирлер негизсиз дейт. Депутаттын пикиринде, эгерде жалпы коом мамлекетти ушундай оор абалдан чыгаруу максатын көздөбөсө, келечекте Кыргызстан мамлекет катары жоголуп кетүү коркунучу бар:

- 2005-2006-жылдардагыдай калың эл чыкпайт. Балким жазында чыгышы мүмкүн. Оппозиция эмес, эл өзү чыкканда алар көзөмөлсүз болуп калат. Бул өтө кооптуу.

XS
SM
MD
LG