Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Акчалуу депутаттар да батир үчүн акча алып жүрүшөбү?


Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, депутат Роза Отунбаева Бишкекте өз үйү жок делген депутаттарга ай сайын берилчү батир акысын кайра карап чыгуу маселесин кабыргасынан коюуда.

Кечээ парламенттин Этика жана регламент боюнча комитетинде дал ушул маселе каралды. Эл арасында капчыгы калың делип айтылса да "батирге" деп казынадан акча алып жүргөн айрым депутаттар анысынан баш тартышканы менен айрымдары караманча каршы болушту.

Депутат Роза Отунбаева Этика жана регламент боюнча комитет жыйынында көтөргөн маселе, айрым депутаттарды ыңгайсыз абалга салганы менен жыйынга катышкан депутаттардын көпчүлүгү маселенин негиздүү экендигин баса белгилешти. Маселе Бишкек шаарында үй-жайы жок делген депутаттарга берилип келаткан батир акысы тууралуу болуп, депутат айым батир үчүн акча алып келатышкан 27 депутаттын санын кыскартууга чакырды.

Анын себептерин Роза Отунбаева төмөнкүчө түшүндүрдү:

- 27 депутаттын арасында бир топ эле калың капчыктуу депутаттар жүрөт. Мен ага тиешем жок дечи, бирок коомчулук азыр сурап атпайбы. Мына бизде кыргыз элинин жарымынан көбү жакыр жашап атса, азыр элдер электр жарыгына, газга акча төлөй албай атса, ушундай кыйын кырдаалда эмне үчүн элдик депутат болуп колунда барлар келип алып, батирге деп да акча алышы керек экен? Бүгүн мурдагы парламенттерге чейин эстеп атабыз. Булар Ысык-Көлдөн да жер алышкан, депутаттар жеке там курабыз деп дагы аэропорт тараптан жер алышкан эле. Азыр дагы 20 чакты депутаттар менен соттошуп, ошолордон кызматтык квартираларын ала албай Жогорку Кеңеш канча убара болуп келатат...

Буга чейин “Агым” гезити да батирге деп акча алып жүргөн депутаттардын кыйласы акчалуу адамдар экендигин, маселен эл арасында Бишкектеги Жалал-Абат кафеси Арапбай Төлөновго таандык экендиги айтылып жүргөнү, андан тышкары Санжарбек Кадыралиев, Нурпазыл Атамбаев, Юрий Данилов, Нургазы Айдаров, Ибрагим Жунусов, Жамаллидин Салахудинов сыяктуу депутаттар да көчөдө калчулардан эмес экендигин жазып чыккан.

Ошентсе да комитет жыйынында депутат Ибрагим Жунусов батир акысы үчүн берилип аткан акчадан баш тартпасын билдирди:

- Мен өмүр бою Ошто иштегем. Эмгек китепчеме өмүрүмдө биринчи жолу Бишкекте иштейт деп жазылып, анан бул жакка келип атам. Эч кандай бизнеске, бир дагы пайда алып келген иштерге тиешем жок. Эгер кээ бир депутаттар уялгандарынан тапшыра турган болсо, мен тапшырбайм. Себеби мага бүгүнкү күнү берилип аткан акча жашашыма, батирге төлөшүмө керек.

Ал эми депутат Юрий Даниловдун айтымында, ал 10 жылдан ашуун чоң кызматтарда Бишкекте иштеген. Маселен, Чүй электр тармактары мекемесинде директордун орун басары болгонун, Бишкек электрди бөлүштүрүү жана сатуу мекемесинин жетекчиси, Бишкек газдын директору болуп иштегенин, бирок айылда өскөндүктөн эч качан Бишкектен үй алууну каалабаганын билдирип, батирге берилчү акчадан айрылууну каалабасын кыйытты:

- Мен мисалы Бишкек шаарынан үй сатып алууну каалабайм. Биринчиден, менде депутаттык айлык акымдан тышкары пайда алып келчү ишим жок. Ишенип койгула. Айыл жеринде 10 гектар жер алып иштетип жүрөм, бирок анын акчасы башка чыгымдарга кетет.

Жыйын учурунда депутаттар Жалаллидин Салахудинов менен Санжарбек Кадыралиев жардамчылары аркылуу ал акчалардан баш тартышканын билдиришти. Ошентсе да талкуунун демилгечиси депутат Роза Отунбаева, бул маселе ачык бойдон калганын билдирип, Этика жана регламент комитетинин төрагасы Алишер Сабиров парламенттин иш башкармалыгына, мурдагы чакырылыш учурунда Бишкектен үй курууга жер алып, азыр да Жогорку Кеңеште батирге деп акча алып аткан депутаттарды тактоону, дегеле турак-жайга байланышкан документтерди таап чыгууну тапшырды.

Ушул сыяктуу маселелер такталган соң депутаттар кайрадан бул маселеге кайрылышмакчы. Ошентсе да бул маселе депутаттардын абийирине, эл алдындагы моралдык жоопкерчилигине тиешелүү этикалык маселе болгондуктан, батирге деп алып жүргөн акчадан баштартууну же каршы болууну өздөрү гана чечээри айтылды.

Ал эми мурдагы депутаттар дале жашап аткан кызматтык батирлер боюнча соттук териштирүүлөр уланып, аларды артка кайтаруу аракеттери уланууда. Ошондой эле Этика жана регламент боюнча комитет төрагасы Алишер Сабиров маалымдагандай, Жогорку Сот мурдагы депутат Арсланбек Малиев жашап турган 3 бөлмөлүү кызматтык квартираны бошотуусу керектиги тууралуу чечим чыгарды. Эскерте кетсек парламенттин айрым мурдагы депутаттары кызматтык батирлерин бошотпой, соттошуп келишкен.

Үй-жайы жок делип, казынадан батир акысы үчүн акча алып жүргөн депутаттардын тизмеси:


    • Санжарбек Кадыралиев (Комитет жыйыны учурунда жардамчысы аркылуу буга чейин алып келаткан батирге делген акчадан баш тартты)
    • Жалаллидин Салахудинов (Комитет жыйыны учурунда жардамчысы аркылуу буга чейин алып келаткан батирге делген акчадан баш тартты)
    • Акбаралы Кабаев
    • Нурпазыл Атамбаев
    • Зиядин Жамалдинов
    • Жусупжан Жээнбеков
    • Осмонали Аттокуров
    • Арапбай Төлөнов
    • Асилбек Жээнбеков
    • Зулхабира Бекенова
    • Нургазы Айдаров
    • Ибрагим Жунусов
    • Айнура Кенжебаева
    • Гүлжамал Султаналиева
    • Жылдыз Рахимдинова
    • Айгүл Байбураева
    • Анаш Сейитказиев
    • Нурлан Койчубаков
    • Ирина Карамушкина
    • Роза Абдраимова
    • Юрий Данилов
    • Ажибай Калмаматов
    • Турдукан Жумабекова
    • Алишер Мамасалиев
    • Ирина Летова
    • А.Иманалиева
    • М.Мамасаидов

XS
SM
MD
LG