Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Тажикстанда Ооганстан боюнча регионалдык жыйын өтүп жатат


Шейшембиде (11-ноябрда) Дүйшөмбүдө Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоодо регионалдык кызматташтыктын ролун талкуулаган жыйын башталды. Анда байистүү талиптер менен диалог куруу мүмкүнчүлүгү, мурдагы талиптердин айрымдарын өкмөткө тартуу маселеси да сөз кылынууда. Жыйынга Кыргызстандын да делегациясы катышууда.

Тажик баш калаасындагы конференция АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обаманын кеңешчилери Ооганстан боюнча регионалдык стратегияны өзгөртүү жолдорун караштырып жаткан чакта өтүүдө.

The Washington Post гезити Обаманын атын атабаган жардамчыларына шилтеме жасап жазгандай, жаңы стратегияга Иран менен диалог камтылышы мүмкүн. Жаңы администрация Карзай өкмөтүнүн талиптердин жарашууга даяр мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрүн колдошу ыктымал.

Вашингтон Ооганстан боюнча аракеттерин Иран менен кантип координациялайт азыр айтуу эрте. Эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелери мындан 29 жыл илгери үзүлүп калган.

Ирандын Тажикстандагы элчиси Алиасгари Шердуст-Сафири Дүйшөмбүдөгү жыйында Тегеран талиптер менен сүйлөшүүлөргө каршы экенин билдирди:

- Талибан менен сүйлөшүүлөр натыйжалуу болбойт жана алардын таасирине, региондогу экстремизмге салым кошушу ажеп эмес. Бир кездери талибан Ооганстанда гана болсо, эми, саясий терминологияны колдонсок, талиптердин Пакистандагы кыймылы жөнүндө да сөз кылуудабыз.

Иран ооган качкындарына баш калка бергенин эске салган элчи, коңшу өлкөдөгү коопсуздук кырдаалы Иранга да таасир этип жатканын белгиледи.

Оогандык саясий аналитик Абдугаффор Леволдун айтымында, Кабул өкмөтү байистүү талип согушкерлери, атап айтканда ооган улутундагы жана кыймылга оор экономикалык же коопсуздук жагдайынан улам кошулган адамдар менен сүйлөшүүлөр үчүн дайыма мүмкүнчүлүк берип келген:

- Өкмөт Ооганстандын конституциясын тааныгандар менен сүйлөшүп, атүгүл саясий бийлиги менен бөлүшүп келатат. Бирок чегаранын аркы жагынан агылган элементтер согушканы гана келишкен. Алар чет өлкөлөрдүн жарандары же чет өлкөлүктөр үчүн иштешет жана сүйлөшкүлөрү келбейт.

Талиптер менен диалог куруу парадокс катары угулганы менен, Абдулвохид Камолодвун ишениминде байистүү талиптердин айрымдарын өкмөткө тартуу жолдору табылышы мүмкүн. Камолов тажик президентинин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр борборун жетектейт.

- Кошмо Штаттары жана НАТО террористтерге каршы согуш жөнүндө жарыялашкан. Талибанды террористтер деп атасак, анда бир катар суроо пайда болот. Талибанга каршы күрөшүп ошол эле мезгилде аларды өкмөткө киргизүү сунушу логикага сыйбайт, парадоксалдуу угулат. Буга карабай бул маселе экинчи сессияда талкууланмакчы. Талиптердин өкүлдөрүн, маселен, коалициялык өкмөткө тартуу сунуш кылынышы ыктымал.

Азиялык делегаттардын ой-пикирлерин АКШнын мамлекеттик департаментинин жооптуу өкүлү Жорж Крол кунт коюп угуп отурду.

- Албетте, ал жердеги кырдаалды аскерий операциялардын жардамы менен эмес, экономикалык, саясий жол аркылуу жөнгө салса болот. Анда ооган элинин ишенимин күчөтө алабыз. Бул – Ооганстан үчүн гана эмес региондогу бардык өлкөлөр үчүн маанилүү маселе.

XS
SM
MD
LG