Дүйнөлүк Банк менен Кытайдын “Эксимбанкы” Ош-Сарыташ-Эркештам автожолун оңдоого 75 млн. доллар берип жатат. Бул тууралуу кечээ уюштурулган маалымат жыйынында Транспорт жана байланыш министри Нурлан Сулайманов билдирди. Министрдин айтымында ушундай эле өлчөмдөгү каражатты донорлор Ош-Исфана автожолун оңдоого да бергени жатышат. Министр ошондой эле Чолпон-Ата-Алматы автожолунун техникалык экономикалык негиздери иштелип чыкканын маалымдады. (BuS)