Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

СДП Кумтөрдүн экологиялык абалын талдайт


Кумтөрдөгү экологиялык жагдай тууралуу Жогорку Кеңештин СДП фракциясына “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борбору маалымат берет. Борбордун башчысы Төлөкан Исмаилованын билдиргенине караганда, маалыматта Кумтөрдөгү уу зат калдыктары сакталган жайдын үстүндө жайгашкан Петров көлүнүн абалына басым жасалат. Экологияны иликтеген чехиялык окумуштуулар тобунун бүтүмүнө караганда, Петров көлүнүн ташып кетүү ыктымалдыгы бар жана ал уу зат калдыктары сакталган жай аркылуу агып, жалпы аймакка экологиялык коркунуч алып келиши мүмкүн. СДП фракциясынын отурумуна Барскоон кырсыгында жабыркаган алты айылдан өкүлдөр да катышат. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG