Ушул тапта айыл калкына суткасына төрт саат гана электр жарыгы берилип жатат. Мындай маалыматты бүгүн парламент депутаты, Ак Жол фракциясынын мүчөсү Улукбек Ормонов билдирди. Аны кубаттаган акжолчу депутат Махамаджан Мамасаидов ансыз да кыйналып жаткан элеттик элди кыйнай берүүнү токтотууну талап кылып, электр энергиясын көбөйтүүнүн башка жолдорун караштырууну сунуштады. (ZKo)