Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:13

Кеминдин айрым айылдарында ичүүчү сууну саткан учурлар болууда


Бул туурасында кечээ Боролдой, Бейшеке өңдүү айылдардын эли менен жолуккан учурда уктук. Алардын айтымына караганда Кеминдеги бир катар айылдарда соңку жылдары таза суу, сугат суунун тартыштыгынан карапайым эл бир топ кыйынчылыктарды башынан кечирүүдө. Бөтөнчө кары-картаңдар сууну алыстан алып келе албагандыктан сатып ичкен учурлар кездешип жатат. Ал эми окуучулар 1-сентябрдан бери күн сайын мектепке эки бөтөлкөдөн суу көтөрө баруусу милдеттендирилген. Ал сууну кенже класстарга тамак жасап бергенге жана мектептин башка иштерине жумшашат. Таза суу жогорку айылдардан унаа менен ташылып келинет. «Бул көйгөй менен жергиликтүү бийлик кабардар. Бирок абал күн сайын оорлоп баратат дешет», - айыл тургундары. Жаңы шайланган айыл өкмөттөрү болсо иштин колго алынаарын убада кылууда. (JJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG