Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Депутаттар энергетика кризисин иликтегени жатат


Мындай маалымат “Ак жол” фракциясынын бүгүнкү жыйынында айтылды. Фракциянын депутаты Динара Молдошева энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун маалыматын уккан соң, депутаттык комиссия түзүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, комиссиянын курамында Жогорку Кеңештин бардык фракцияларынын депутаттары болушу керек. Мурдараак энергетика тармагын иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү сунушун Социал-демократтар фракциясы сунуштап, “Ак жол” фракциясынын дээрлик депутаттары каршы чыккан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG