Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Президент бир катар сотторду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту


Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Барнакул Авизов, Тоң райондук сотунун төрагасы Апас Өмүралиев жана Кара-Кулжа райондук сотунун судьясы Шавкат Осмоналиев КР сотунун макамына туура келбеген жүрүш-турушу үчүн кызматынан бошотулушкан. Бул тууралуу маалымдаган президенттик басма сөз кызматынын кабары боюнча Б. Авизов кылмыш жана кылмыш-процессуалдык мыйзамдардын нормаларын одоно бузгандыгы үчүн кызматынан бошотулган. Ал эми Тоң райондук сотунун төрагасы А. Өмүралиев соттук жараяндар учурунда милиция кызматкерлерине, адвокаттарга кылган орой мамилеси үчүн келип түшкөн даттануулардын негизинде ээлеген ордунан бошотулду. Ал эми Ш. Осмоналиев шектүү адамды соттук териштирүүсүз бошотуп жибергендиги үчүн ишинен алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG