Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:07

Жапонияда Кыргызстандын түштүгү кооптуу деген маалыматтар тарады


Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинин коопсуздук маселелери боюнча консулу Накано Хироси Ош облусунун губернатору Аалы Карашев менен жоулугушуу убагында мекениндеги Интернет сайттарда, башка маалымат булактарында Кыргыз жергесинин түштүк аймагы дале кооптуу бойдон калууда деген кабар таркагандыгын билдирди. Элчиликтин өкүлү ошол себептүү айрым журтташтары чочулап жатышкандыктан, Баткенди жана Ошту кыдырып, кырдаалды байкаштырып жаткандыгын, жыйынтыгын кошумча жарыя кылаарын айтты. Ош облус губернатору Аалы Карашевдин жообуна караганда, Кыргызстан Жапония менен тыгыз кызматташууга даяр. Ал эми коопсуздук жагынан күн чыгыш өлкөсүнүн жарандары кабатырланууга негиз жок, республикада абал туруктуу. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG