Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:49

“Ак жол” фракциясы бүгүн өлкөдөгү энергетикалык оор кырдаалга байланыштуу жыйын курду. Айрым депутаттар анда энергетика министри Балкыбековду кызматтан кетирүү маселесин коюшту.

Парламентте көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” фракциясынын депутаттары энергетика тармагында оор кырдаалдын түзүлүшүнө байланыштуу комиссия түзүү демилгесин көтөрүшкөнү менен айрым депутаттар министрди кызматтан кетирүү маселесин кабыргасынан коюшту.

Жалпысынан Өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин кышка карата даярдыгын канааттандырарлык эмес деп баалашкан депутаттар, талкуу учурунда энергетикалык оор кырдаалды жараткан чиновниктерге чара көрүү керектигин, бул боюнча фракция ичинде же парламенттин атынан комиссия түзүү зарылдыгын айтып чыгышты. Айта кетсек, мындан мурда Социал демокараттар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимовдун бул маселе боюнча комиссия түзүү демилгесин “Ак жол” фракциясы четке каккан эле.

Энергетика тармагындагы оор абалды кимдер жараткандыгына токтолгон депутат Бегалы Наргозуев суроону төмөнкүчө койду:

- 2005-жылы Токтогул суу сактагычына 13 млрд. куб суу агып кирген дагы 14 млрд. куб суу агып чыккан. 2006-жылы 12 млрд. куб суу агып кирсе 13 млрд. куб чыгарыпсыңар. 2007-жылы 11 млрд. суу агып кирсе силер 14 млрд. куб сууну чыгарып жибергенсиңер, 4 млрд. ашык. Ким ушуга жол берди? Эл арасында, басма сөздө айтылып атат, сууну сатып жиберишти деп атышат, бийликти күнөөлөп атышат. Ушуга ким жооп берет?

Министр Сапарбек Балкыбеков “суу сатылып кеткен” деген сөздөрдү имиш катары баалады:

- Сууну сатып жиберишти деген сыяктуу имиштер көп болуп атат. Эми имиштер чыга берет экен. Мен кризистин себептерин айтып кеттим. Менин пикиримде, ага эки себеп болуп атат. Биз союз убагындагыдай биргелешип иштешүү принциптерин жоготконбуз. Ар бир өлкө өз-өзүнчө каалаганындай иштеп атат. Биз айла жок Токтогул суу сактагычындагы сууну өлкөгө канча электр энергиясы керек болсо ошончо чыгарып атабыз. Андан башка электр энергия чыгарганга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Ал эми союз убагында айтчу, “Силер 5 млрд. эле суу чыгаргыла, 7 млрд. Өзбекстан берет” деген сыяктуу. Экинчиси кудайдан болуп атат. Нарын дайрасында агып келип аткан суунун көлөмү быйыл 62 эле пайызды түзүп атат.

Андан тышкары депутаттар электр энергиясын үнөмдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге да кайрылышып, Энергетика министри Сапарбек Балкыбековдон “2009-жылы февраль айында энергетикалык кризис болот”, - деген кеп-сөздөрдүн төркүнүн сурашты.

Анын маалымат каражаттарына берген интервьюсун айрым журналисттер туура эмес чагылдырып жиберишкенин айткан министр, кризис болбошу үчүн коюлган чектен ашкан аймактарда электр жарыгы өчүрүлүп тураарын билдирди:

- Биз азыр коюлуп аткан электр энергиясын пайдаланууга болгон чекти толук бойдон кармабасак, анда кийинки жылдын февралында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жетчү чегине жетип калат. Биз албетте ага жол бере албайбыз. Ар бир ай сайын коюлган чектен чыкпоо үчүн, анын аткарылышын көзөмөлдөп турабыз.

Ал эми депутат Бейшенбек Абдрасаков болсо, энергетикалык оор кырдаал түзүлүп, коомчулук чыңалып турганда чара катары министрди кызматтан кетирүүнү сунуштады:

- С.Балкыбековго ишеним көрсөтпөө жарыялап туруп, жумуштан кетирели. Башка айла жок. 5 миллиард акчаны текке кетирген, зыян алып келген адамды кантип министр кылабыз. Мына азыр айтып атат, Казакстандан биз 3 сомдон электр алып келебиз дейт. Ал эми биздин электр энергияны Казакстанга 1 сомдон сатышат. Аларга биз 1 сомдон сатып, кайра 3 сомдон сатып алат экенбиз...

Ошентсе да бир катар депутаттар министрди кызматтан кетирген менен маселе чечилбесин, ага жазга чейин мүмкүнчүлүк берүү керектигин айтып чыгышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG