Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

С.Лавров АКШнын мамкатчысынын орун басары менен жолугушат


АКШ Мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Уильям Бөрнс
АКШ Мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Уильям Бөрнс

АКШ Мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Уильям Бөрнс Москвада Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүү өткөргөнү жатат. Орус аскерлери Грузияга басып киргенден бери Москва менен Вашингтондун мындай жогорку даражалуу өкүлдөрү жолугуша элек эле. Кечээ Лавров Россиянын Польша менен чегарага ракета жайгаштыруу пландары боюнча компромисс тапса болот деп кыйытты.

Лавров менен Бөрнс орус-грузин чатагынан кийин түзүлгөн кырдаал, Ирандын атомдук программасы, америкалыктардын Чыгыш Европада антиракеталык системанын бөлүктөрүн жайгаштыруу пландарын сөз кылышмакчы. Россия Вашингтондун андай долбоорун көптөн бери сындап келатат. АКШ Польша менен Чехияда орнотула турган система Европаны Иран же Түндүк Корея өңдүү “карасанатай өлкөлөрдөн” коргоону көздөйт десе, Россия ракеталар анын коопсуздугуна коркунуч туудурат деп ырастоодо.

Орус президенти Дмитрий Медведев өткөн жумада Вашингтон планынан баш тартпаса, Польша менен чегарага кыска аралыкка учуучу ракеталар жайгаштырылат деп эскертти.

Кечээ болсо Лавров эки тараптын тең андай долбоорлорунан баш тартууга убакытысы бар деди:

- Камтама боло тургандай эч нерсе жок. Европага эч кимдин кызыкчылыгына каршы келбеген коопсузудук системасы керек деп эсептесек, ойолоп тапкан эмес, реалдуу коркунучтарды карап чыгууга, бир тараптуу эмес, коллективдүү түрдө чечим кабыл алууга убакыт бар.

Азыр бардыгы АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обаманын антиракеталык система жаатындагы кадамдарына багыңкы боломокчу. Учурдагы президент Жорж Буштун администрациясы маселеге байланыштуу Москвага бир топ компромисс сунуш кылган.
Бирок Кремль Вашингтон менен алакаларын Обама кызматка расмий киришмейинче азыркы деңгээлде сактап турууга артыкчылык берээрин кыйытты.

Жаңы президенттин инаугурациясы эмки жылдын январында болот. Президенттик кампания маалында Обама антиракеталык системага скептикалык маанайын билдирип келген. Ал андай планды технологиялык жабдыктардын иштей тургандыгы далилденсе гана колдоорун айткан.

Бөрнс жакында Мамлекеттик департаменттин атынан президенттик өткөөл команданын тең төрагасы деп аталган. Бирок Москвадагы азыркы сүйлөшүүлөр Обама администрациясынын болочок тышкы саясатын канчалык деңгээлде чагылдырат түшүнксүз.
Обама тышкы мекеменин жетекчисин эмки айда атайт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG