Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:03

Орусиянын Борбор Азияда аскерий туруму артабы?


ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңешинин катчыларынын Ереванда жолугушуусу, 3-сентябрь, 2008-ж

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздук кеңешинин катчыларынын Ереванда жолугушуусу, 3-сентябрь, 2008-ж

Акыркы айлар менен апталардагы окуялар Орусия Борбор Азиядагы аскерий турумун кеңейтүүнү көздөп жатканынан шек санатпай калды. Өткөн эки айда аймактын өлкөлөрү менен эки ирээт аскерий машыгуу уюштурду. Москва ошондой эле ушу тапта Борбор Азия өлкөлөрү менен Жамааттык кооопсуздук келишими уюмунун алкагында аймакта жайгаштырылуучу эл аралык күчтөрдү түзүү боюнча аракеттерди жетектөөдө.

Борбор Азиянын Жаматтык коопсуздук келишими уюмуна кирген төрт өлкөсү менен Орусиянын биргелешкен күчтөрү былтыр октябрь айында Душанбе шаарындагы саммитте кол коюлган келишимдин негизинде курулуусу керек. Ал документ расмий түрдө "ЖККУнун бейпилдик орнотуу ишмердиги" деп аталат. Орус президенти Дмитрий Медведев ошол келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамды Мамлекеттик думага 9-ноябрда киргизди. Ал эми аймактагы өлкөлөрдөн алгачкылардан болуп казак парламентинин кош палатасы келишимди өткөн айда жактырды.

Жамааттык Коопсуздук келишими уюмунун башкатчысы Николай Бордюжанын айтымында, аймактык аскерий топ тиешелүү келишимди ага кол койгон өлкөлөрдүн баары ратификациялай замат дароо эле куралмакчы.

Маалыматтарга караганда, биргелешкен аскерий топтогу жоокерлердин саны 5 миңге чейин жетери күтүлүүдө. Бул ага катышкан ар бир өлкө кеминде эки батальондон аскер кошот дегенди туюндурат. Кыргызстандын мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун айтымында, соңку келишимде биргелешкен күчтөрдүн саны канча болору так көргөзүлгөн эмес, аны коргоо министрликтери аныктамак:

- Саны каралган эмес. Аны аскер күчтөрүн тейлеген министрликтер тактап, өз сунуштарын берүүсү керек болчу. Аскар Акаев президент болуп турганда, ал документтерге эки батальон деп кол коюлган. Мен келгенден кийин (Коргоо министрлигине) "биз бир эле батальонду кармайбыз" деген саясат жүргүзгөн болчумун. Менден кийин алар канча деп сүйлөшүп жатат, мен айта албайм. Себеби маалыматым жок.

Исмаил Исаков биз менен маегинде кошумчалагандай, келишим боюнча биргелешкен аскерий топко кирүүчү батальондор өз өлкөсүндө эле туруусу керек, бирок талап кылынса экинчи өлкөгө парламенттердин уруксатысыз эле келе алат:

- Мунун артында чоң нерсе бар да. Эгер андай келишим болбосо Жогорку кеңештен уруксат алышы керек. Азыр ошол документтер ратификация болуп калса, ошондой процедуранын кереги жок болуп калат. Өзгөчөлүгү ушунда.

Жамааттык келишими уюмунун башкатчысы Николай Бордюжанын быйыл сентябрь айында билдиргенине караганда, уюмдун эл аралык күчтөрү он батальондон туруп, курамында тез аракеттенүүчү күчтөр да болот. Биргелешкен күчтөрдү аны түзгөн өлкөлөр бирдей каржылайт, бирок курал-жарак менен өз ара макулдашылган шартта Орусия жабдыйт.

Бул билдирүүдөн кийин октябрь айында уюмга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери Санкт-Петербургда чогулду. Анда абадан биргелешип коргонууга байланышкан маселелер талкууланган. Учурда тараптар абадан коргонуу боюнча биргелешкен программаны иштеп баштады. Бул тууралуу башкатчынын орун басары Владимир Семериков 10-ноябрда билдирди.

Ошондой эле быйыл сентябрь, октябрь айларында Орусия ЖККУнун алкагында эки аскерий машыгуу, бирин өз аймагында "Борбор 2008", экинчисин Казакстанда "Алдаспан-2008", деген ат менен өткөрдү. Эми үчүнчүсү "Калканч-2008" деген ат менен кайра эле Казакстанда алдыдагы апталарда болгону жатат.

Айрым эксперттер Орусия КМШ жана ЖККУ уюмдарынын калканычы алдында аскерий кызматташтыкты күчөтүү менен чынында өзүнүн түпкү максатын - Борбор Азиядагы аскерий таасирин кеңейтүүнү көздөп жатканын белгилешүүдө.

Ушу тапта белгилүү болгондой, Орусиянын Кыргызстан менен Тажикстанда аскерлери жана базасы бар. Орус аскерлери Казакстандын Байконур космодромунда да турат. Бирок москвалык аскерий талдоочу Владимир Мухиндин айтымында, Борбор Азияда Москва кызыккан башка жерлер да жок эмес:

- Менимче ага биринчи кезекте Өзбекстан менен Түркмөнстандагы турумун бекемдөө ылайык болмок. Маселен Өзбекстандагы Ханабад өтө маанилүү база. Мурда бомба таштоочу стратегиялык учактар турган, Индияга оңой жете алышчу. Көйгөйлөрдүн бири - Тажикстанда талаптагыдай инфраструктуранын жоктугу. Баарын жаңыдан курууга туура келүүдө. Экинчиден, Орусия мурдагыдай эле Марыдагы (Түркмөнстан) аскерий базаны колдоно алат. Бул жерде абадан коргонуу боюнча ири бөлүктөр турган. Ал жерде Борбор Азиядагы эң ири аэродром (аскерий) бар.

Казакстандын мурдагы коргоо министри, генерал Алибек Касымовдун көз карашында, Орусия өз аракеттери менен конкреттүү максатты көздөөдө. Өнөктөштөрүн жакындатып, Батышка КМШ өлкөөлөрү арасындагы аскерий кызматташтык уланып жатканынан кабар берүүдө. Ал эми Кыргызстандын мурдагы коргоо инистри, Коопсуздук кеңештин мурдагы катчысы Исмаил Исаков ЖККУнун биргелешкен күчтөрүн түзүүдө Орусиянын кызыкчылыгы үстөмдүк кылабы деген суроонун жообун мындайча чечмелейт:

-- Бир жактын кызыкчылыгы деп айтканда туура болбой калбайт. Албетте Орусиянын кызыкчылыгы бул жерден көбүрөөк чыгат. Себеби азыр болуп жаткан саясат, башка өлкөлөр менен мамилеси ошондой тыянакка алып келүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG