Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

"Ак жол" кышка даярдык боюнча министрге саясий баа берери күтүлүүдө


Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясы Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековго саясий баа берүүнү партиянын саясий кеңешине сунуш кылды. Мындай чечимге көпчүлүк депутаттардын Кыргызстан кышка даяр эмес деген бүтүмү түрткү болду. Кечээ “Ак жол” фракциясы кышка даярдык боюнча Өнөр жай, энергетика, отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун маалыматтын уккан. Депутат Бейшен Абдырасаковдун айтымында фракциянын сунушун саясий кеңеш партия төрагасы, президент Курманбек Бакиев ишке чыккандан кийин карашы мүмкүн. Президент Бакиев дарылануудан 20-ноябрга чейин кайтып келери мурда маалымдалган. (BuS)

XS
SM
MD
LG