Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Жоголгон ишкердин изи Орусияга барып такалууда


Мындай маалыматты билдирген ички иштер министри Молдомуса Конгантиев учурда Орусиянын күч органдары менен чогуу иш жүрүп жаткандыгын депутаттарга кабарлады. Ал тергөө кызыкчылыгына байланыштуу азыр ачык маалымат бере албай тургандыгын билдирди. Ал эми жоголгон депутат Руслан Шаботоевди издөө иштери Казакстандык кесиптештери менен чогуу жүргүзүлүүдө. Ушул тапта азыр коңшулаш өлкөнүн аймагында эки оперативдүү топ иштеп жатат, алардын бир тапшырмасы Санжар Ташматов аттуу кишини кармап, Кыргызстанга алып келүү болуп эселет. Анткени иликтөөнүн жүрүшүндө бул адамды депутат Руслан Шаботоев менен “Майкл” кафесинен жана “Сова” түнкү клубунан көргөндөр болгондугу, Санжар Ташматов Шаботоев менен ишкерлиги жагынан байланышы бардыгы аныкталган. Санжар Ташматов 26-сентябрдан октябрга чейинки аралыкта кол телефонунун номурун үч жолу алмаштырган, азыркы учурда бардыгы тең өчүрүлгөн. Министрдин айтуусунда ошондой эле Казакстанда жүргөн дагы бир нече адам депутаттын жоголушуна тиешелүү деп шектелип жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG