Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:54

Учурда Кыргызстанда үч миң алты жүздөн ашык мугалим жетишпейт. Жарыбаган маянадан улам мугалим болууну каалаган жаштардын саны кескин азайды.

20 жылдан ашуун мугалим болуп иштеген Эсен Кожобердиева эки жыл мурда пенсияга чыккан. Неберелерин багып, үйдө отурайын десе, ал иштеген мектепте мугалимдер жетишсиз болуп, айла жок, эмдигиче балдарга сабак өтүп келет:

- Биздин мектепте мугалимдер жетишпегендиктен, мага окшоп пенсияга чыкса деле иштеп жүргөндөр бир топ. Анан эмне кылат элек? Эки-үч миң сом үчүн кайсы жаш кадрдын эртеден кечке сабак бергиси келсин? Физика, химия, математика өңдүү көптөгөн сабактар боюнча мугалимдер жетишпей, балдар татыктуу билим албай жатышат.

Эсен айымдын айтымында, маянанын аздыгынан тышкары, мектептерде окуу куралдарынын жетишсиздиги, окуу класстарынын сууктугу кесиптештери үчүн мектептен кетүүгө дагы бир түрткү болууда.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Кыргызстан боюнча үч миң алты жүздөн ашык мугалим жетишпейт. Мектептерде эмгектенген 117 миң мугалимдин 75 пайыздан ашууну - жашы кырктан өткөн жана эс алууга чыккандар. Жаштарды мектептерге тартуу өтө кыйын проблемалардын бирине эчак айланган.

Ош шаарындагы Юрий Гагарин атындагы мектептин директору Акылбек Ташбаевдин айтымында, мугалимдердин көбү чет мамлекеттерге кетүүдө:

- Ушул тапта мугалимдерди мектепте кармап калуу өтө кыйын. Маяна аз, базарларда баалар кымбат, анан кимдин иштегиси келсин. Алардын көбү чет мамлекеттерге кетүүдө. Мурда мугалим бир айда алган 120 рубль акчага он мүшөк ун алууга мүмкүн болсо, азыр башталгыч класстын мугалими алган маянага бир эле мүшөк ун келет.

Ардактуу делген мугалимдик кесиптин аброю түшкөн маалда педагог болууну көздөгөн жаштар азайды. Педагогикалык факультеттерде окуган студенттердин көбү окууну бүткөн соң башка эле ишке барууну көздөшөт. Алардын бири Калыс аттуу студент жигит:

- Окууну аяктагандан кийин башка эле жумушка орношом. Анда эмнеге ушул кесипти тандадың дейсизби? Анткени убагында бул факультетке өтүү оңой болчу. Ал эми ата-энем болсо азыр мени орноштуруу үчүн жеке фирмага сүйлөшүп жатышат. Жанымдагы досум диплом алган соң Москвага кетем деп атат.

Билим берүү министрлиги мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүү, жаш кадрларды колдоо максатында эки жыл мурда "Жаш мугалимдин депозити" программасын кабыл алган. Бул программа боюнча өз кесиби менен иштеген, сынактан өткөн жаш педагогдордун банктык эсебине айына 3 миң сом которулуп турат. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, учурда бул программа боюнча жер-жерлерде 1900 жаш мугалим эмгектенүүдө. Бирок адистердин айтымында, бул долбоор мугалимдер тартыштыгын чечүүгө анчалык деле чоң жардам берген жок.

Мындай пикирди кармангандардын бири парламенттин Билим берүү, илим жана маданият комитетинин башчысы Иса Өмүркулов:

- “Жаш мугалимдин депозити” чийки, үстүртөдөн даярдалган долбоор экен, андыктан өз максатына жеткен жок. Мындай жолдор менен жаштарды мугалимдик кесипке тартуу мүмкүн эмес. Демек, башка механизмдер керек.

И.Өмүркуловдун айтымында, сөз болуп жаткан проблеманы жою үчүн мамлекет чукул чараларды көрүүсү зарыл:

- Алгач педагогикалык кесипти тандап алган студенттерди бюджеттин эсебинен, бекер окутуу керек. Экинчиден, алардын маянасын көтөрүү зарыл. Мындан тышкары мугалимдер жөнүндө мыйзамда жазылгандардын баарын так аткаруу керек. Ошондо гана бул проблема чечилиши мүмкүн. Жалпы эле, мамлекет ардактуу кесип ээлерине сый, аяр мамиле жасоону үйрөнсө жакшы болоор эле.

Ушул тапта стажы жок, ишке жаңы келген мугалим айына орто эсеп менен 1700 сом айлык акы алат. Буга кошумча каражат табам дегендер класс жетекчи болуп, ийримдерди өткөрүп, эң эле көп дегенде маянасын эки жарым миң сомго жеткире алат. Албетте, мындай шарттарда мугалимдердин жетишсиздиги анчалык деле таң калыштуу көрүнүш эмес.

XS
SM
MD
LG