Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Мугалимдердин жетишсиздигин тез арада чечүү зарыл


Мындай пикирин “Азаттыкка” парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитетинин жетекчиси Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, өлкөдө мугалимдердин тартыштыгы билим берүү жаатындагы эң курч проблемага айланды. Бул маселени тез арада чечүү үчүн чукул иш-аракеттер көрүлүшү керек. И.Өмүркуловдун пикиринде, алгач педагогикалык кесипти тандап алган студенттерди бюджеттин эсебинен, бекер окутуу керек. Экинчиден, алардын маянасын көтөрүү зарыл. Мындан тышкары мугалимдер жөнүндө мыйзамда жазылгандардын баарын так аткаруу зарыл. Ошондо гана бул проблема чечилиши мүмкүн. Жалпы эле, мамлекет ардактуу кесип ээлерине сый, аяр мамиле жасоону үйрөнсө жакшы болоор эле, дейт И.Өмүркулов. Расмий маалыматтар боюнча, учурда өлкөдө үч миң алты жүздөн ашык мугалим жетишпейт. (AiJu)

XS
SM
MD
LG