Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Дипломаттарды сыйлоо тууралуу мыйзамдын кереги жок


Социал-демократчы депутат Дамира Ниязалиеванын пикиринде “мамлекеттик кызматкерлер тууралуу” мыйзам турганда дагы бир мыйзамдын кереги жок. Ошондой эле депутаттар чет өлкөлөрдө иштеген дипломаттардын жубайлары үчүн каралуучу каражат тууралуу беренеге да каршы чыгышты. Депутат Бейшенбек Абдырасаков “биздин элчилерди билебиз, алардын бир нечеден аялдары бар, Кыргызстанда да, чет өлкөдө да бирден. Кыргыздар алардын аялдарын багуу үчүн иштешибиз керекпи..?” деген суроо коюп, бул мыйзамды тиешелүү комитетке жөнөтүүнү сунуш кылды. ТИМ тарабынан сунушталган “Дипломаттар тууралуу” мыйзам долбоору добушка салууда колдоо тапкан жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG