Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Кытайдан алынып келинген ундан кабык курт табылган жок


Бирок башка сегиз зыянкеч табылды. Бул тууралуу бүгүн айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинен маалымдашты. Адамдын ден-соолугуна кооптуу кабык курт жана меламин заты бар деп шектелген 116 тонна ун 30-сентябрда Кытайдан алынып келинген. Мунун чын-төгүнүн билүү үчүн ундун үлгүсү Орусияга жиберилген. Текшерүүнүн натыйжасы унда кабык курт жоктугун, бирок башка сегиз зыянкеч табылганын көрсөттү. Мындай унду колдонууга мүмкүн эместигин белгилеген Орусиялык текшерүүчүлөр ун Орусиянын мамлекеттик стандартына туура келбей тургандыгын белгилешкен. Ал эми Кытайдан апкелинген дагы 804 тонна ундун үлгүсү учурда Москва шаарындагы “Гигиена жана эпидемиология борборунда” текшерүүдөн өтүп жатат. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги бул иликтөөнүн натыйжасы тууралуу кошумча маалымдай тургандыгын кабарлады. Бул партиядагы ундун курамында адам баласынын ден соолугуна зыяндуу меламин заты бар деп шектелип жаткан. (AiJu)

XS
SM
MD
LG