Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Сырттан алынып келген ун байытылабы?


Кыргызстанга сырттан келип жаткан ун негизинен Казакстандан жана Орусиядан сатылып алынат. Мунун ичинен Орусиядан байытылган ун алынып келинет. Казакстан бул маселени акыркы айдан бери чечүүнүн үстүндө. Бул тууралуу бүгүн парламентте “Нан унун байытуу жөнүндөгү” мыйзам долбоорунун баяндамачысы, депутат Осмонбек Артыкбаев маалымдады. Анын айтуусунда унду адамдын ден соолугуна керектүү азыктар менен байытуу ун өндүрүүчүлөрдүн милдети. Депутаттын белгилөөсү боюнча жогорку жана 1-сорттогу 150 миң тонна унду байытуу үчүн 800 миң сом керек болот. Ал эми мынча унду сатып алууга 8 млн сом зарыл. Айрым депутаттар мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы чыгышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG