Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Элдик жыйынды болтурбоо үчүн бийлик тарабынан бут тосуулар башталды


Революциялык кыймылдын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” айтканы боюнча мындай бут тосуулар башталып жатат. Кечээ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 18-ноябрда Талас шаарындагы борбордук стадиондо өтө турган Элдик жыйынга чакырууларды, гезиттерди жана башка Революциялык кыймылга тиешелүү документтерди кыймылдын мүчөсү Роза Нурматованын машинасын токтотуп, тартып алышкан. Азимбек Бекназаров Элдик жыйынды болтурбоо максатында бийлик өткөн апрель айындагы Түптө болгон окуяны кайталап, түрдүү чагымдарды уюштуруусу күтүлүп жаткандыгын, бирок Таластын эли буга жол бербейт, деп ишене тургандыгын кошумчалады.

Элдик жыйында өлкөдөгү саясий-социалдык-экономикалык абал талкууланып, Революциялык кыймылдын жетекчи органдары шайланары айтылган. Революциялык кыймыл президент Курманбек Бакиевди Конституциялык жол менен мөөнөтүнөн мурда бийликтен алууну көздөйт.

(ZKo)

XS
SM
MD
LG