Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Парламент Андаш алтын кенине байланыштуу маселени карай алган жок


Буга аталган маселеге тиешелүү деп чакырылган адамдардын парламентке келбегени себеп болду. Алардын арасында 1-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев, геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Капар Курманалиев, айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча агенттиктин башчысы Арстанбек Давлеткелдиев жана башка тиешелүү жетекчилер бар. Депутаттар алардын мындай мамилесин парламентти тоотпостук катары баалашты. ЖК төрагасы Айтибай Тагаев бул сыяктуу окуялар кайталанбасы үчүн президентке кат жазууну сунуш кылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG