Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

АКШ: Республикалык партия өзгөрүүлөргө муктаж


Республикалык партиянын президенттикке экс-талапкери сенатор Жон Маккейн

Республикалык партиянын президенттикке экс-талапкери сенатор Жон Маккейн

4-ноябрда өзгөрүүлөрдү эңсеген америкалыктар демократтарга артыкчылык беришти. Жорж Буштун республикачыл партиясы 2010-жылкы жалпы улуттук, 2012-жылкы президенттик шайлоого чейин элдин ишенимине ээ болуу үчүн кандай кадам көрөгөнү жатат?

Республикалык партиянын стратеги Дэвид Жонсон 4-ноябрь күнкү шайлоодо Ак Үйдү гана эмес Конгресстеги 25 орунду колдон чыгарып жиберишкенинин бир эле себебин көрөт:

- Шайлоо күнү эң биринчи кезекте элдин Жорж Бушту колдобой турганына күбө болдук.

Жонсондун айтымында, республикачылардын утулушуна Буштун “ишке ашпай калган убадалары” алып келди.

Улуттук Республикалык партиянын мурдагы жетекчиси Рич Бонд Обаманын жеңиши мыкты болду деп санаганы менен, демократтардын ийгилигине элдин Буштан тажагандыгы да салым кошту дейт:

- Эл Буштун башкаруу ыкмасынан, анын өзүнөн абдан чарчады деп ойлойм. Алар кандай болбосун өзгөрүүлөрдү эңсеген. Андыктан калктын тараза ташы Обама көздөй ооп кетти. Мен сенатор Обаманын жеңишине көлөккө түшүргүм келбейт. Обама Америка элинин мандатына ээ болду. Эми ал кампаниясы маалында айткан идеяларды жүзөгө ашырышы керек.

Экономика оңолбосо, Ирактагы америкалык контингент “өтө эрте чыгарыла баштаса”, бир жылга жетпеген убакытта шайлоочулар Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтарды, Обаманы колдобой коюшат, - деп болжолдойт Бонд.

Жонсон болсо анын партиясы өлкөнүн популярдуу лидерине каршылыгын өтө эле көп билдире бербеши керек, этият болбосок, республикачылар мындан да көп шайлоочуну жоготуп коюшу ыктымал деп эскертет:

- Биз ага оппозиция деп эле каршы болбошубуз керек. Өтө маанилүү, принципиалдуу маселелер боюнча каршылыгыбызды гана билдирүүгө тийишпиз.

Кыскасы, республикалык партия өзгөрүүлөр үчүн эмнеге муктаж?

Биринчи кезекте, Бонд менен Жонсондун пикиринде, партиянын катарына ар кыл улуттагы жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу зарыл. АКШнын алгачкы кара түстөгү президенти болуп шайланган Обама өлкөнүн испан тилдүү, теги азиялык жарандарын, афроамерикалыктарды тарта алды. Салыштыра кетсек, Жон Маккейн менен Сара Пэйлиндин үгүт митингтеринде көбүнесе ак америкалыктарды көрсө болот эле.

Экинчиден, республикачылар Обамадан жаңы технологияларды пайдаланууну үйрөнүшү керек. Анын командасы үгүттө үчүн Интернет технологияларын, Facebook өңдүү коомдук пикир алмашуу сайттарын, sms каттарды, электрондук почтаны кеңири колдонгон.

Жонсондун пикиринде, анын партиясы шайлоо кампаниясын эски ыкмада жүргүздү:

- Муну менен биз жаштарды гана эмес орто жаштагы, улгайган шайлоочуларды жоготуп жатабыз. Демократтар көбүрөөк маалыматтарын вебсайттарга жайгаштырып, элди тарта алышты. Республикачылар да эмки 4 жылдын ичинде ушундай кылууга тийиш.

Республикалык партия үмүт байлаган өсүп келаткан жаш саясатчылардын арасында Луизиананын губернатору Бобби Жиндал, Флориданын губернатору Чарли Крист жана, албетте, Алясканын губернатору Сара Пэйлин аталууда.

Арийне CNN 11-ноябрда жарыялаган сурамжылоонун натыйжасына ылайык, америкалык шайлоочулардын 49 проценти гана Пэйлинге оң көз карашын билдиришкен.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG