Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Ооганстанда жанкечтинин жардыруусунан 21 киши каза тапты


Алардын жыйырмасы жайкын тургундар, бирөөсү америкалык аскер. АКШ армиясынын өкүлүнүн айтымында, жардыруу Нангархар провинциясынын Бати Кот деген районунда, эл котологон базарда болгон. Жанкечти америкалык аскерий кербенге кол салган. Жардыруу учурунда 70ден ашуун киши да жаракат алды. Окуя үчүн азырынча эч ким жоопкер боло элек. Адатта Талибан кыймылы жанкечтилерди америкалык жана башка чет элдик аскерлерге кол салууда колдонот. Бүгүн ошондой эле Ооганстандын түштүгүндөгү Гильменд провинциясында жардыруудан британиялык эки аскер мерт болду.

XS
SM
MD
LG