Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Дмитрий Медведев Барак Обама менен жакшы алаканы каалайт


Орус президенти АКШнын шайланган президенти менен нормалдуу, жумушчу жана өнөктөштүк алака түзүүгө үмүттөнөрүн француз журналисттерине берген интервьюсунда айтты. Ал ошондой эле эгер Барак Обама АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Борбордук Европада жайгаштыруу планын өзгөртсө, Орусия Польша менен чектеш Калининград облусуна ракеталарды жайгаштыруу планын токтото аларын белгиледи. Мунун алдында кечээ Кремлдин аты аталбаган өкүлдөрү орус кабар агенттиктерине Москва АКШнын жаңы сунуштарын четке какканын билдирген эле. Ал сунуштар АКШнын ракетадан коргонуу системасынын бөлүктөрүн Польша менен Чехияда жайгаштыруу планына карата Орусиянын камтамачылыгын басаңдатууга багытталган болчу. Кечээ Мамлекеттик департаменттеги үчүнчү адам Уилльям Бернс Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

XS
SM
MD
LG