Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Пакистандык депутат Сват чөлкөмүндөгү абал жөнүндө айтып берди


Хайдер Али Хан “Авами Улуттук партиясынын” тышкы иштер катчысы. Аталган партия Пакистандын Түндүк Батыш Чегара аймагынын (NWFP) коалициялык өкмөтүн жетектейт. Хан ошондой эле чөлкөмдүн ассамблеясына Сват районунан депутат болуп шайланган.

Жакында Хайдер Али Хан чакан делегациянын курамында Европада болуп, “Азаттыктын” Прагадагы баш кеңсесинде маалымат жыйынын өткөрдү жана кабарчыларыбыздын суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": - Сват жаратылышы кооз, Буддисттердин байыркы эстеликтери сакталып калган аймак катары белгилүү. Ал жерде жашаган эл жана саясат жөнүндө айтып бересизби?

Хайдер Али Хан: - Сват көпкө чейин бектик болуп келген. Өкүмдар Миангул Абдул Вудуд аны 1920-жылдары түзгөн. Анын ордун өтө билимдүү уулу Миангул Жахан Зеб баскан. Алардын тушунда эл абдан бактылуу, тынч жашап келген. Ошол кезде Сватка барып кеткен каныша Елизаветанын аймактын кооздугун баалап, аны “Азиянын Швейцариясы” деп айтканы бар.

Сват 1979-жылы ыктыярдуу түрдө Пакистанга кошулганда да башка чөлкөмдөргө салыштырганда бейпил болчу, эмне дегенде ал жерде шаарлар көбүрөөк өнүккөн. Баш калаа Мингорада жибек өндүрүү жакшы жолго коюлган. Сват Пакистанга киргенде чөлкөмдөгү сабатсыздыктын деңгээли төмөн болчу. Туризм өнүккөн сайын элдин турмушу да жакшырган.

"Азаттык": - Сват ошондой тынч аймак болуп келсе, эмне үчүн эми экстремисттердин зомбулугу гүлдөп өскөн борборго айланып калды?

Хайдер Али Хан:- 1990-жылдардын башында жергиликтүү диннаятчы Маулана Суфи Мухаммад “Мухамаддын шариятын жүзөгө ашыруу” кыймылын негиздеген. Калктын 10 процентиндейи ал тынч кыймылды колдогон. Бирок АКШ талиптер менен ал-Кайидачыларга каршы согуша баштаганда динаятчынын көптөгөн колдоочулары Ооганстанга жихадга аттанышкан. Азыркы окуялар болсо FМ радиостанциясынан башталган. Сваттагы талиптердин башчысы Маулана Фазлулла жана анын жакындары өз радиосун элди үгүттөө үчүн пайдаланышкан. Төмөнкү катмардагы айрым адамдар анын Ислам адилеттүүлүгү жөнүндөгү ураандарын угуп алып кыймылга кошулушкан. Ошентип, аймакта бара-бара куралдуу козголоң башталды.

"Азаттык": - Батышта Пакистандагы козголоң пуштундардын көтөрүлүшү деген пикир өкүм сүрөт. Европадагы сапарыңыз учурунда сиз андай ой жаңылыш экенин далилдөө үчүн эмне деп айттыңыз?

Хайдер Али Хан:- Азыркы абал Ооганстандагы уруштан башат алат. Айрымдары аны Кансыз согуш учурундагы жихад деп атап жүрүшөт. Ошол согуштун натыйжасында пуштундар учурда аман калуу үчүн күрөшүүгө мажбур. Пуштундардын жери салгылашуулардын майданына айланган. Башкалар ал уруштан пайда тапса, 3 миллиондой пуштун шейит кетти, миллиондогону жер которууга аргасыз болду, жүз миңдегени майып болуп калды.

25 жылдын ичинде пуштундарга “терроризмге каршы согуш” деген ат менен глобалдуу уруш таңууланды. Азыр дүйнөдө пуштундар - террорчулар, экстремисттер, алардын бардыгы талиптер деген ой пайда болду. Биз болсо пуштундар ошол согуштан эң көп жапа чеккен эл экенин түшүндүрүүгө аракеттенүүдөбүз. Алар мусулмандар бирок террорчулар эмес. Алар тынч, демократиялык эл. Пуштундар өнүккөн эл болбогону менен, жери табигый ресурстарга бай.

"Азаттык": - Пакистандык делегациянын курамында “Азаттыкка” секулярдык билим берүүнү жайылтуу менен алектенген фонддун директору Мухаммад Раза да келген. Ал аймактагы чет өлкөлүк согушкерлердин, асыресе өзбекстандык жарандардын тагдыры кандай болот деген суроого мындайча жооп берди:

Мухаммад Раза:- Ал адамдар ошол чөлкөмдө 20-30 жылдан бери жашап келатат. Алар жергиликтүү аялдарга үйлөнүп, коомдун бир бөлүгү болуп калышкан. Бирок көйгөй - зомбулукта. Зомбулуктан баш тарткан адамдар кадимкидей жашай беришет. Ар бир өкмөт келечекте жалданма согушкерлердин аймакка келишине бөгөт коюу маселесин карап, чечиши керек.

XS
SM
MD
LG