Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

АКШ: Чоң шайлоонун чаңындагы шайлоолор


Өткөн аптада, 4-ноябрда, Америка эли жаңы президентти шайлады. Ал эми Демократиялык партиянын өкүлдөрү Конгресстин эки палатасында тең көпчүлүк орунду ээлешти. Ошол эле маалда АКШнын айрым штаттарында кээ бир мыйзамдык демилгелер боюнча добуш берүү жараяны жүргөнүн чет элдиктердин баары тең эле биле бербесе керек.

Бул мыйзамдык долбоорлор бирдей жыныстагылардын нике куруусуна тыюу салуу сунушунан баштап, айыкпас дартка чалдыккан бейтаптардын жашоо менен коштошуусуна дарыгердик жардам берүүгө уруксат берген мыйзамдык сунушка чейинки ар кыл демилгелерден турат. Деги, бул демилгелер демократиянын жышаанасы деп так кесе айтууга болобу?

Жакында эле Калифорниядагы бирдей жыныстагылардын нике куруусуна тыюу салуу боюнча демилгеге каршы чыккан демонстранттардын митинги өттү. Калифорния – бирдей жыныстагы кишилердин баш кошуусуна тыюу салган чечимди кабыл алган АКШдагы төрт штаттын бири.

Анын аралыгында, Вашингтон штатында шайлоочулар айыкпас дартка чалдыккан бейтаптарга бул жашоо менен кош айтышууга жардам кылууга дарыгерлерге уруксат берген демилгени колдоп беришти.

Колорадо жана Түштүк Дакота штаттарынын шайлоочулары болсо бойдон алдырууга кеңири чектөөлөрдү киргизүү демилгесин четке кагышты. Сан-Францисконун шайлоочулары болсо кир сууларды тазалоочу жергиликтүү ишкананы президент Жорж Буштун ысымы менен атоо сунушуна каршы добуш беришти.

АКШнын ар башка штаттарынан 4-ноябрдагы шайлоо учурунда ар түрдүү демилгелер көтөрүлдү, бирок алардын бардыгын бир нерсе бириктирет – шайлоочулар мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн өз аймагындагы бардык мамлекеттик мыйзам чыгаруу органдарын аттап өтүштү.

Чындыгында эле бул жакшы усул болду бекен?

Като университетинин алдындагы саясат таануу борборунун директору Жон Сэмплздин айтымында, шайлоочулардын мындай аракеттерин сөзсүз эле жаман жорук деп эсептөөгө болбойт.

“Азаттык” үналгысына курган маегинде Сэмплз демилгени добуш берүүгө коюу идеясы болжол менен жүз жыл мурда айтылуу “прогрессивдүү доор” деген мезгилде жаралган. Ал кезде көпчүлүк америкалыктар шайлоодо ишеним көрсөткөн өкүлдөрү штаттагы шайланма бийликке келери менен алардын кызыкчылыктарын коргобой калды деген пикирге келген:

- Мыйзам чыгаруу органдары кээде көпчүлүк шайлоочулар каалаган маселе боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүдөн четтеп кеткен учурлар байкалат. Кээде алар тигил же бул топтун кызыкчылыгына чидерленип калышы да ажеп эмес. Ошондуктан добушка коюу демилгеси - шайлоочулардын мыйзам чыгаруу жараянына тикелей кийлигишүүсүнө жол берген ыкма болуп саналат. Бул ыкма шайлоочулар көксөгөн мыйзамды кабыл албай жаткан маселелер боюнча мыйзам чыгаруу органдарын аттап өтүүгө мүмкүндүк жаратат.

Сэмплздин айтымында, шайлоо демилгелери тууралуу терс пикирлердин баарын эле колдоого болбойт. Себеби кээ бир добушка коюу демилгелери адаттан тышкары болгондуктан аларга каршы чыккандар да бар экенин көңүлдөн чыгарбоо керек.

Питер Скерри – Бостон коллежинин саясат таануу профессору. Анын оюнча, добушка коюу демилгеси идеясы айрым учурларда гана жакшы натыйжа бербесе, кээде кесепетин тийгизиши да ыктымал. Маселен, адатта ал мыйзам долбоорунун эмне экендиги, анын кесепети же оң жагы тууралуу талдоо сыяктуу кошумча түйшүктү карапайым шайлоочулардын жонуна үйүп койот:

- Мыйзам чыгаруу органдары жакшы иштебегендиктен, кишилердин проблемаларын күн тартибине чыгаруу үчүн мындай кошумча кепилдиктин болгону жакшы. Бирок, менимче, көпчүлүк штаттар бул ыкманы оюнга айлантып алгандай, сиз кээде “булар деги эмне кылып жатат? Менин мындай нерселер тууралуу талдоого убактым жетпейт” деп ойлошуңуз да ыктымал.


Айтор, керкисинде да, кемигинде да кемчилик бар болгон азыркы доордо АКШдагы добушка коюу демилгеси да ар кыл пикирлерди жаратып келет.

XS
SM
MD
LG