Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:01

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлери Украинанын уюмга кошулуу келечегин Таллиндеги жыйында талкуулашты. НАТО өкүлдөрү өз катарында Украинаны да көргүсү келерин баса белгилешкенине карабай, Киев мүчөлүк жараяндын расмий нугуна жакын арада түшө алчудай эмес.

Таллинде бейшембиде өткөн жыйын Украинанын болчокто НАТОго кошулуусуна жардам көргөзүүгө багытталган эле жана бул - эки тараптын ортосунда 2002-жылдан берки алтынчы кеңешме болду.

Анда НАТО Украинанын өз катарында көргүсү келгени менен бирге Орусиянын каршылыгы маселеге жай мамиле жасоодогу башкы жүйөөлөрдүн бири бойдон калып жатканы да ачыкталды.

Уюмдун башкатчысы Яап де Хооп Схеффер Украина аскерий өнөктөштү өз алдынча тандоого укуктуу экенин ырастоо менен Орусиянын камтамачылыгына да кыйыр токтоло кетти. Таллиндеги жыйынды Украинанын жөндөмүн аныктоодогу жакшы мүмкүнчүлүк деп атады:

- Биздин консультациялардын жалпы темасы – коопсуздук кырдаалы өнүгүп жаткан шарттага НАТО-Украина алакалары. Менимче, биздин жыйын евро-атлантикалык аймактагы коопсуздуктун азыркы абалы боюнча жогорку деңгээлде пикир алышуунун, ага катар коопсуздуктун учурдагы көйгөйлөрүнө Украинанын жооп берүү жана НАТОнун иштерине салым кошуу жөндөмүн баалоонун эң сонун мүмкүнчүлүгү.

Ал эми Украинанын коргоо министри Юрий Ехануровдун айтымында, Киев өзүнө коопсуздук боюна өнөктөштөрдү тандоодо эркин. Украиналык министрТаллиндеги талкуулар боюнча буларга токтолду:

- Бүгүнкү консультациялар кеминде эки жүйөөдөн улам өзгөчөлүү. Биринчиден, Украина жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрүнүн биздин өлкө Бухарест саммитинин чечимдеринин контекстинде жетишкен практикалык жыйнтыктарды баалоодогу максатын көргөзүүдө. Бул - биздин жетишкендиктерди баалоодогу өткөөл баскыч. Экинчиден, Кавказда августа болгон окуялардан кийин стратегиялык чөйрөдө, коопсуздук чөйрөсүндө орун алган өзгөрүүлөрдү баалоонун мүмкүнчүлгү.

Жыйындын конок ээси-Эстониянын президенти Хендрик Илвес болсо НАТО менен Украинанын алакасын Кара деңиз жана Балкан чөлкөмү үчүн чечүүчү мааниге ээ деп баалады.

Айтор Украинанын маанилүүлүгү таанылганы менен Таллиндеги жыйын деле Киевдин НАТОго кошулуу жараяны тездетилерин каңкуулаган жок.

Мунун бир себеби аталган маселе боюнча Еврошаркет өлкөлөрү экиге бөлүнүп калгандыгында.

Топтун бир тарабында Германия, Франция, Италия, Испания өңдүү ири өлкөлөр бар. Алар Украинанын мүчөлүгү Орусия менен алаканы курчутуусун каалабайт. Маселен немец канцлери Ангела Меркел 10-ноябрда эле Украинада, Грузия да "жакынкы келечекте" НАТОго кирүүгө даяр болбой тургандыгын айтып чыкты.

Экинчи топто АКШ жана НАТОнун Чыгыш Европадагы жаңы мүчөлөрү. Алар Украинанын мүчөлүгүн тездетүүнү жакташат.

АКШ өнөктөштөрүнө кайра –кайра басым жасаганына карабай, быйыл апрелде Румыниядагы саммитте Украина менен Грузияга Мүчөлүк аракет планы берилбей калган. Мүчөлүк аракет план тигил же бул өлкөнүн НАТОго кирүү жолундагы маанилүү баскыч болуп саналат.

НАТО мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Украинанын ишинде шашылбоого артыкчылык бергенинин дагы бир жүйөөсү - өлкөдөгү саясий туруксуздук. Президент Виктор Ющенко менен премьер-министр Юлия Тимошенконун ортосундагы бийлик талаш азыр туңгуюкка келип, аягы эмне менен бүтөрү белгисиз.

Саясий талаш түздөн-түз НАТОго байланыштуу эмес. Бирок эки лидер өлкөнүн уюмга кошулуу мөөнөтү боюнча эки башка көз карашта. Президент Ющенко НАТОнун жалындуу жактоочусу. Тимошенко деле НАТОго каршы эместей, бирок Орусияга кылчактап тургандай көрүнөт.

Коомдук пикирди сурамжылоонун жыл башындагы жыйынтыктары Украинанын НАТОго кошулуусун калктын 20%дан азы гана колдоорун көргөзгөн. Колдоонун деңгээли өлкөнүн европачыл батышында жогору, орусиячыл чыгышында төмөн. Анткен менен колдогондор эч бир аймакта калктын басымдуу бөлүгүн түзбөйт.

НАТОнун жактоочулары мунун себебин Украина уюмга мүчөлүк эмне берери боюнча эл арасында эч убакта маалымат өнөктүгүн жүргүзбөгөнүнөн көрөт. Жыл башындагы сурамжылоодо ага тартылгандардын дээрлик 55% НАТО жөнүндөгү маалыматын жетишсиз деп эсептерин аныктаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG