Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Кытай унунда дан куртунун 8 түрү бар экендиги аныкталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин экспертиза борборунун башчысы Жолон Омкеев Москвадагы тыюу салынган өсүмдүктөрдү изилдөөчү Бүткүл Союздук илимий изилдөө институтунун тыянагына таянып билдирди. Экспертиза борбору Кытайдан ташылып келген унда 11 дан курту, алардын ичинде меламин заты да бар деп болжоп, кошумча иликтөөгө Москвага жиберген. Меламин боюнча Москва тыянак чыгара элек деп билдирди адис. Сентябрь айында Кытайдан 18 вагон ун ташылган, анын 2 вагону түшүрүлгөн. Калган 16 вагону текшерүүдөн өткөрүү максатында Карабалта аймагында кармалып турат. Кытайдан ташылган унду пайдалануунун пайда-зыяны тууралуу министрликтин тиешелүү кызматкерлери эртең атайын маалымат жыйынын уюштуруп, айтууну көздөөдө.(BuS)

XS
SM
MD
LG