Бул тууралуу Тышкы иштер министри Эднан Карабаевдин 12-13-ноябрда өткөн Пекин жолугушууларында белгилүү болду. Министрди Пекинде Кытай Эл республикасынын төрага орун басары Си Цзиньпин кабыл алды. Эднан Карабаев ошондой эле Тышкы иштер министри Ян Цзечи менен жолугушуп, 2009-жылы визит алмашуу, чегаралаш соода аймагын түзүү, кыргызстандыктардын укуктары маселелерин, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол магистралын куруу долбоорун талкуулашты. Жолугушууда “Ош-Сары-Таш-Эркештам” автожолду оңдоодон баштаган экономикалык бир катар биргелешкен долбоорлор талкууланып, 2009-жыл үчүн биргелешкен кызматташтыктын программасына кол коюлду. (BuS)