Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Хамид Карзай Британияны Ооганстанга көбүрөк аскер күчтөрүн жөнөтүүгө чакырууда


Ооганстандын президенти бул тууралуу Британиянын премьери Гордон Браун менен болгон кечээ күнкү жолугушуусунда билдирди. Британия болсо өз аскерлерин Ооганстанда канчалык зарыл болсо ошончого дейре кармай турарын айтып, бирок санын көбөйтүү тууралуу убада кылган жок. Деген менен Британиянын коргоо министрлигинин өкүлү, Британ аскерлеринин Ооганстанда жайгаштырылып турушу өтө чоң мааниге ээ деп ынандырды. Ооганстан эл аралык коомчулукту өз өлкөсүндөгү талиптерге каршы күрөшүүгө эл аралык аскерий күчтөрдөн көбүрөөк жөнөтүүнү өтүнүп келет.

Бул учурда Швеция Ооганстанга 110 аскер жөнөтөөрүн билдирип, аталган өлкөгө жылдык жардамын 25 миллион долларга көбөйтөрүн ачыктады.

XS
SM
MD
LG