АКШ президенти Жорж Буш дүйнөлүк экономикалык кризис эркин базарлардын кыйрашын ашкерелебейт жана өкмөттүн кийлигишүүсү кризистен куткара ала турган чара эмес деп билдирди. Анын айтымында АКШнын жана башка мамлекеттердин бийликтери дүйнөлүк финансы системасын кайра жаратууну эмес, аны реформалоо жолдорун иштеп чыгуусу абзел. 15-ноябрда жыйырмадай алдыңкы өлкөлөрдүн жетекчилери Вашингтон жыйынына чогулуп, дүйнөнү каптаган каржы капсалаңдан чыгуу жолдорун издешмекчи.