Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Таластагы Элдик жыйынга Жалал-Абат облусунун өкүлдөрү да катышат


Революциялык кыймылдын эмки аптадагы Таластагы чогулушуна катышуучулар ал жакка барууга камылга көрүшүүдө. Облустун ар бир район-шаарынан өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына, бийликтин кемчиликтерине нааразы болуп, март ыңкылабынын талаптары аткарылбаганына ичи чыкпаган жарандар жыйынга бараарын билдиришкен. Жалалабаттык өкүлдөрдүн коопсуздугун сактоо максатында алардын саны жашыруун сакталат, бийликтегилер менен алардын кошоматчыларынан ар түрдүү куугунтук, кысым көрсөтүүлөрдү күтсө болот. Катышуучулардын өкмөттүк мекемелерде иштеген тууган-уруктары жабыр тартып калуусу ыктымал. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын өкүлү Асылбек Текебаев билдирди. Анын айтымында оппозициянын Бишкекте өтөөрү күтүлгөн элдик курултайына катышуучу өкүлдөрдүн да белгилүү болду. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG