Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:57

Бишкек мэриясы борбордун эң таза районун аныктайт


Шаардык мэрия борбордун эң таза районун аныктоо боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу мэриянын коомчулук менен байланыш боюнча башкармачылыгы билдирди. Сынакта муниципалдык аймактык башкармалыктар жана кварталдык комитеттер жарышмакчы. Конкурстун эң негизги шарты - мекемелердин карамагында турган жерлерди санитардык жактан таза болуусу, таштандыларды алып чыгуу болуп саналат. Конкурстук комиссиянын курамы азыр белгилүү, эми алар декабрь айынын башына чейин жарыштын жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөргө байгелерди тапшырышат. Сынактын уюштуруучулары мындай иш чаралар борбор шаардын санитардык-эпидемиологиялык абалын жакшыртууга жардам берет деп ниеттенишүүдө.(ImA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG