Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:20

Мамдума президент менен парламенттин кызмат мөөнөтүн узартууну колдоду


Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзамдарды Мамлекеттик дума бүгүн биринчи окууда 388 добуш менен жактырды, 58 депутат, негизиен коммунисттер каршы болду. Ага ылайык орус президентинин бийлик мөөнөтү төрт жылдан алты, Мамлекеттик думаныкы төрт жылдан беш жылга көтөрүлөт. Кремлдин түшүндүрмөсүнө караганда, өзгөртүүлөрдүн президент Дмитрий Медведевдин жана Мамлекеттик думанын азыркы мөөнөттөрүнө тиешеси жок. Ыйгарым укуктарды узартуу жөнүндөгү сунушун президент Медведев өткөн аптада парламентке жана калкка жасаган кайрылуусунда жарыялаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG