Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Азербайжанда энергия боюнча эл аралык саммит өтүүдө


Бүгүн ачылган саммитке катышуу үчүн Бакуга келгендер арасында Грузия, Литва, Польша, Түркия, Украинанын лидерлери бар. Жыйын Каспий чөлкөмүнүн энергия булактарын Европага жана дүйнөлүк базарга жеткирүүчү жолдордун багытын көбөйтүүнү колдоо максатын көздөйт. Жыйынга келген америкалык делегациянын башчысы, өлкөнүн энергетика министри СамуэльБодман кечээ Орусиянын Европаны көздөй пландалган Түштүк агым газ долбоорун сынга алды. Долбоор боюнча газ кууру Кара деңиздин алды аркылуу өтүшү керек. Америкалык министрдин айтымында, бул өтө кымбат жана ишке ашыруу жагы татаал долбоор. АКШ Каспийдин мунай жана газын Европага Орусияны айланып өткөн жолдор аркылуу жеткирүүчү долбоорлорду колдоп келе жатат.

XS
SM
MD
LG