Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Еврошаркет Орусия менен сүйлөшүүлөрдү жандандырат


Еврошаркет Орусия менен өнөктөштүк келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырарын эки тарап бүгүн Франциянын Ницце шаарында өткөргөн саммиттин соңунан Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Барросо жарыялады. Сүйлөшүүлөр Орусия Түштүк Осетияга байланышкан согуштан улам быйыл августа Грузиянын аймагына аскер киргизгенден кийин Еврошаркет тарабынан токтотулган эле. Жозе Мануел Барросонун айтымында, 1-сентябрда тарта токтотулган сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу Европанын коопсуздугун чыңдоо үчүн зарыл. Ал эми Еврошаркеттин учурдагы төрагасы – Франциянын президенти Николя Саркозинин саммиттен соң билдиргенине караганда, Орусия да, АКШда 2009- жылдын июнунда Европа менен Түндүк Американын ири саммити өткөнгө чейин Европага жаңы куралдарын жайгаштыруудан карманып туруусу керек.

Акыркы бир жылдан бери Орусия АКШнын ракетадан коргонуу боюнча системасынын жабдууларын Польша менен Европада жайгаштыруу планына кайра-кайра камтамачылыгын билдирип келүүдө. АКШнын мындай планына жооп кылып, Орусия өзүнүн Польша жана Литва менен чектеш Калининград облусуна "Искандер" деп аталган ракеталарын орноторун орус президенти Дмитрий Медведев 5-ноябрда жарыялаган. Кийинчерээк Медведев эгер АКШнын шайланган президенти Барак Обама буга чейинки пландарды өзгөртсө, Орусия да өз планын токтото аларын кошумчалаган эле.

XS
SM
MD
LG