Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

2006-жылы түркмөн президенти Сапармурат Ниязов дүйнө салып, анын ордуна Гурбангулы Бердимухаммедов келгенде, карапайым калк жашоо шарттары өзгөрөрүнөн үмүт кылышкан. Бирок азырынча үмүт акталбай келет.

Жакында “Азаттык” үналгысынын Түркмөн кызматына айрым студенттер кайрылып, аларга Батыш өлкөлөрүнүн элчиликтеринин алдындагы маалымат борборлоруна жана чет өлкөлүк мекемелерге барууга тыюу салынганын айтып, арызданышкан.

Түркмөнстандын окуу жайларынын биринде билим алган Максат аттуу жигит “Азаттык” үналгысынын Түркмөн кызматына жакында куруп берген маегинде, эгемендүүлүк алгандан бери студенттер расмий иш-чараларда жөн гана декорация катары колдонулуп келгенин айткан.

Университетке өтүп жаткан бүтүрүүчүлөр арасында жакшы ырдап-бийлегендерге окууга өтүүдө бир кыйла жеңилдиктер берилет. Себеби мындай студенттер расмий иш-чараларда өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Максаттын белгилешинче, студенттерди окуу жараянынан ажыратып, ар түрдүү иш-чараларга мажбурлап катыштырышат. Студенттердин жеке турмушу дагы абдан чектелген. Мисалы, жогорку окуу жайларына мобилдик телефон көтөрүп келүүгө тыюу салынган. Мындан сырткары студенттерден “университетке өздүк унаа айдап келбейм” деп тил кат жазууну талап кылышат.

Маркум Сапармурат Ниязов Түркмөнстандын “өмүр бою” президенти болуп шайланган, шаар-кыштак, көчө эмес, айлардын да аттарын жеке өзүнүн жана жакын туугандарынын урматына которуп алган эле. Ал 2006-жылы 67 жаш курагында жүрөгүнөн кармап дүйнөдөн өткөн. Түркмөнбашы “жеке адамга сыйынуу” көрүнүшүн өз өлкөсүндө абсурддук деңгээлге жеткирип, чоң көчөлөргө өзүнүн заңкайган эстеликтерин орнотуп, өзү жазган чыгармаларды, анын ичинде “Рухнама” менен айрым ырларды жаш-кары дебей, баарына жаттаткан, бир аз каш кайтарып, каяша айткандарды дароо жазалап жок кылган же узак мөөнөттүк абакка кестирген.

Ниязов дүйнөдөн өткөндөн кийин президенттик кызматка Гурбангулы Бердимухаммедов келгенде карапайым калкта Түркмөнстанда бардык тармактарда, анын ичинде билим берүү тармагында да прогрессивдүү жылыштар болот, либералдык реформалар жүрөт деген үмүт пайда болгон. “Жогорку окуу жайларынын студенттери болсо мурда киргизилген чектөөлөр алынып салынарын, жаштардын жеке турмушу эркин болорун күтүшкөн” деп кейит жогоруда эскерилген Максат аттуу студент.

“Азаттык” үналгысынын Түркмөн кызматына башка да айрым студенттер кайрылууга батынып, аларга Батыш өлкөлөрүнүн элчиликтеринин алдындагы маалымат борборлоруна жана чет өлкөлүк мекемелерге барууга тыюу салынганын айтып, арызданышкан.

Алардын айтымында, мындай маалымат борборлоруна барган студенттер атайын көзөмөлгө алынып, университеттин деканаты аларга катуу сөгүш жарыялаган.

Бир нече жыл мурда Ашгабаттагы жогорку окуу жайлардын биринде окутуучу болуп иштеген, атын атагысы келбеген бир айым “Азаттык” үналгысынын Түркмөн кызматы үчүн маек куруп, студенттерге бош убактысын өздөрү каалагандай колдонууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын сынга алды:

- Акыркы убактарда чет өлкөлүк элчиликтер алдындагы маалымат борборлоруна барган студенттер атайын көзөмөлгө алынууда. Ошон үчүн студенттер ал борборлорго барууну токтотушту. Бирок бул борборлордо студенттер англис тилин өздөштүрүп, көптөгөн китеп, маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу.


Сапармурат Ниязов бийликте турган мезгилде жогорку окуу жайлардын окутуучулары кечкурун атайын текшерүү сапарларын (рейддерди) уюштуруп, кафе-ресторандарды, түнкү клуб жана дискотекаларды кыдырып, студенттерди алардан качырып турушкан. Бердимухаммедовдун бийликке келиши менен мындай көрүнүш токтотулган.

Түркмөнстандын жогорку окуу жайларында бирдиктүү кийим формасы киргизилбесе дагы, бардык университеттерде эркек балдарга костюм-шым, ак көйнөк жана түркмөн тебетейин кийүү, кыздарга болсо чачтарын экиге бөлүп өрүү, эгерде чачтары кыска болсо, жасалма чач менен узартуу талап кылынат.

“Азаттыктын” Ашгабаттагы кабарчысына Түркмөнстандын Мамлекеттик университетинде окуган атын атагысы келбеген студент кайрылып, түркмөн жаштары дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү студенттерге берилген эркиндик тууралуу алигиче кыялдана да албайт деп кейиген.

Бул студенттин айтымында, Түркмөнстандагы жогорку окуу жайларынын көбү заманбап технология менен жабдылган жана студенттерге жакшы шарттар түзүлгөн. Бирок тез-тез өтүп турган алар үчүн керексиз коомдук иш-чараларга катышууга мажбур болгон студенттер окуудан алагды болуп, жада калса дем алыш күндөрү дагы колдору бошобойт экен.


Укук коргоочулардын айтымында, мындай чектөөлөр жана мажбурлоолор болочокто нагыз жогорку билимдүү адис болууга умтулган студенттерге бир топ тоскоолдуктарды жаратып жатканы, авторитардык режимдин мындай өкүмзор мамилеси жаш адистерди атуул катары да кыйла мокотуп салаары талашсыз.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова буларды айтат:

- Мамлекеттик башкаруу системасы жана бийлик үчүн жарандар өзүнүн укуктарын колдонбосо, жакшы билбесе, аларга жакшы, себеби башкаруу женил. Ал жерде четтен келген эл аралык уюмдар маалымат борборун ачуу менен гана алекетенип, ошондой социалдык проблемаларды чечүү менен ошол багытта иш алып барууда, кооптонууга негиз жок болчу. Мыйзам жакшы болбогон өлкөдө адам укугу бузулат. Жарандар өздөрүнүн укуктарын жакшы билбесе, ошол укуктарын коргогонду билбейт. Түркмөнстанга карата дагы адам укуктарын сактоону талап кылыш керек.


XS
SM
MD
LG